Коронавирус жуктурган дагы 13 бейтап айыкты — баары Оштун тургундары

Ноокат аймактык ооруканасы. Сүрөт: Хамидулло Узаков/Клооп

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 13-апрелде коронавирустан дагы 13 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылганын маалымдады.

«Өткөн сутка ичинде буга чейин COVID-19 диагнозу тастыкталган 13 бейтап айыгып, Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасынан чыгарылды. Алар чыгып жатканда кайрадан жасалган анализдери терс деп көрсөткөн», — деди Үсөнбаев.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан айыккандардын саны 67 адамды түздү. 347 адам стационарда дарыланып жатат.

13-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 419 адамга жетти.