Ошто жасалма өткөрмө кагазын алып жүргөн он адам аныкталды

Санитардык-карантиндик пост. Сүрөт: Ош ОИИБ

Ошто 11-апрелге карата санитардык-карантиндик посттордон өтүү үчүн жасалма өткөрмө кагазын колдонгон он жаран катталды. Ош шаары, Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча комендантынын маалымат борборунун кызматкери Жеңишбек Аширбаев «Клоопко» бул фактылар териштирилип жатканын айтты.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдиргендей, он учурдун бирөөсү шаардын аймагында аныкталды. Окуя 31-мартта болгон. Жасалма өткөрмө кагазы менен жүргөн жаран аны көчөдөн таап алганын айткан.

«Кармалган жаран посттон өтүү уруксат кагазын Джим көчөсүндөгү 12-үйүнүн алдынан таап алып, колдонуп жүргөнүн айткан. Таап алынган №6820 сандуу өткөрмө барагына экспертиза дайындалган», — деди Сыдыков.

Сыдыков аталган кишиге карата «Билип туруп жасалма расмий документти пайдалануу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылгандыгын маалымдады.

Ош облусунун аймагына 20-марттан тарта коронавирус менен ооругандарды аныктоо, вирусту жуктуруп алгандар менен байланышта болгон тургундарды тактоо жана оорунун андан ары жайылуусун алдын алуу максатында тосмолор жана санитардык-карантиндик посттор коюлган. Учурда облус боюнча жалпы 63 санитардык-карантиндик жана 21 куралдуу күчтөр кошулган карантиндик блок-посттор бар.

Орнотулган посттордон кирип-чыгуу тартибин милиция жана медицина кызматкерлери көзөмөлдөйт. Тургундар жүйөсүз посттор орнотулган аймактан чыгарылбайт жана киргизилбейт. Ал эми азык-түлүк, курулуш иштерине керектүү шаймандарды жана башка буюмдарды ташыган ишкерлер атайын өткөрмө кагаз менен кирип-чыга алышат.