Ала-Бука районунда коронавируска чалдыккан төрт адам айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 14-апрелде өткөн брифингде, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда коронавирус жуктурган төрт киши айыкканын билдирди.

«Өткөн сутка ичинде буга чейин COVID-19 диагнозу тастыкталган 4 бейтап айыгып, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука аймактык ооруканасынан чыгарылды, чыгып жатканда кайрадан жасалган анализдери терс деп көрсөткөн», — деп түшүндүрдү Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 430га жетти. Алардын бешөө каза таап, 71 адам вирустан арылып үйлөрүнө чыгарылды. 354 адам ооруканада дарыланууда. Анын ичинен 13 бейтаптын абалы оор — тогузу оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.