Видео: Исфаналык дарыгер коргонуучу каражаттар жетишсиз болуп жатканын айтты

13-апрелде фейсбукта Баткен облусунун Исфана шаарында иштеген дарыгердин видеокайрылуусу жарыяланды. Тасмада медкызматкер коргоочу кийимдер жана каражаттар керектигин айтып жардам сурады.

Анын айтымында, Лейлек районунда Баткен шаарына, Орусияга, кичи ажылыкка, дааватка барып коронавирусту жуктурган адамдар менен байланышта болгон тургундар бар. Мындан улам карым-катнашта болгон тургундардан медкызматкерлер күн сайын кабар алып турат.

«Бизге бир күндүк сарптообуз үчүн 70 кызматкерге бир ирет кийүүчү 70 даана халат, 350 беткап жана 350 колкап, 70 даана антисептик, 50 градусник, 100 шпатель керек», — деген медкызматкер.

Лейлектик врач жардам сурап кайрылды. Бул эжебизди да кысымга албагыла.

Posted by Баткенский Зулпидин Максым on Monday, April 13, 2020

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова Лейлек районундагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда коргонуучу каражаттар жетиштүү экендигин маалымдады. Анын айтымында, буга чейин Өзбекстандан келген гуманитардык жардам Баткен облусундагы ооруканаларга бөлүштүрүлгөн.

«Учурда медциналык мекемелерде көп жолу колдонулуучу коргоочу кийим — 317 комплект, бир жолу колдонулуучу коргоочу кийим — 467, беткап — 14950 даана, респиратор — 288, антисептик — 1274 литр, кол каптар — 19091, ИВЛ — 10 даана, дезинфекциялоочу каражат — 250 кг бар», — деди Айгерчинова.

Ошондой эле Айгерчинова облуста медициналык коргонуучу каражаттардын кору бар экенин, ал зарыл болгон учурда таркатыларын билдирди. Министрликтен эмне үчүн дарыгер мындай кайрылуу жасаганы түшүнүксүз болуп жатат дешти.

Ал эми өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнөн видеокайрылуу жасаган медкызматкер Исфана шаарындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Минавар Камилова экенин билдиришти. Ошондой эле Камилова тараткан маалымат чындыкка дал келбесин айтышты.

Баткен облусу боюнча коронавирустун 5 учуру катталган. Бирок Исфана шаарында ооруга чалдыккандар жок. Облуста үй карантинине 458, обсервацияга бир, изоляцияга бир адам алынган.