Өлкөдө бир сутканын ичинде 15 медкызматкерден коронавирус аныкталды

Кыргызстанда 15-апрелде 15 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы кабарланды. Алардын үчөө Бишкек шаарында, экөө Ош облусунда, калган ону Ош шаарында катталды.

Ушуну менен вируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин саны 98ди түздү. Алардын арасында дарыгерлер, орто жана кичи медперсоналдар, санитардык кызматкерлер жана ашпозчулар да бар.

Бийлик коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлерине компенсация төлөөнү убада кылган. Бирок алгач алар жуктуруунун бардык жагдайларын иликтөөнү пландашууда, себеп дегенде медиктер эрежелерди сактабаган болушу мүмкүн деген божомолдор бар.

Ошол эле учурда, мезкызматкерлер бир нече жолу коргоо каражаттарынын жетишисиздигине же аларга сапаты начар бет каптар менен костюмдар берилип жатканын айтып даттанышкан. Саламаттык сактоо министрлиги да, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да алардын айткандарын четке кагып келишет. Ал эми мындай билдирүү жасаган дарыгерлер кайра кечирим суроого аргасыз болушууда.