Спирт ичимдигин ичип алып вирустан сактанам деген болбойт — Ош комендатурасы

Ош шаарынын жана Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов 14-апрелден тарта аталган аймактарда спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салган буйрук чыгарды. Мындай чара мас абалындагы айдоочулардын көбөйгөнүнө жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу максатында кабыл алынды.

Оштун комендатурасынын маалымат борборунун кызматкери Жеңиш Аширбаев «Клоопко» билдиргендей, өзгөчө абал киргиизилгенден тарта айдоочулар мас абалда унаа башкарган 20 учур катталды. Ал эми үй-бүлөлүк зомбулук боюнча расмий кайрылуу келип түшкөн эмес, бирок күйөөлөрү ичип жатканын айткан аялдар алкоголду сатууга тыюу салуу боюнча сунуш беришкен.

«Биз дарыгерлер менен кеңешкенде ичимдик оорудан сактабашын жана андан антисептикалык каражаттарды жасап алууга мүмкүн эмес экендигин айтышты. Антисептикти колдоо жасоо үчүн 95 пайыздык чыныгы этил спирти болушу керек экен. Спирт ичимдигин ичип алып вирустан сактанам же аны жеңем деген да болбойт. Арак иммунитетти кайра аны түшүрүп салышын айтышты» , — деп түшүндүрдү Аширбаев.

Аширбаевдин айтымында, Ошто өзгөчө абал киргизилгенден бери 15-апрелге чейин коменданттык сааттын эрежесин 356 жаран бузган.

Кыргызстан боюнча 15-апрелге карата коронавирустун 449 учуру катталды. Оору жугузгандардын көпчүлүгү Ош облусунда аныкталды — 130. Ал эми Ош шаарында коронавирус менен 71 адам каттоого алынган.