Бишкекте спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынбайт

Жакында соцтармактарда комендантура Бишкекте спирт ичимдиктерин өзгөчө абал маалында сатууга тыюу салганы жатат деген маалымат тарап кеткен.

Комендант Алмазбек Орозалиев бул маалыматты фейсбук барагында төгүнгө чыгарды.

Орозалиев бул маанылатка таң калганын айтты.

«Жеке мейкиндикти чектебейбиз. Ар бир адамдын мындай оор кырдаалда кантип көнүшүп жана бул абалдан кантип чыга турганын өз эрки менен чечет», — деди Орозалиев.

Ал билдиргендей, коомдук тартипти бузгандар мыйзамга ылайык катуу жоопкерчиликке тартылат.

«Биз жарандарыбыздын коопсуздугун жана тартипти сактап турабыз. Биз сиздер үчүн жана шаарыбыз үчүн иштеп жатабыз», — деп кошумчалады комендант.