Стамбулдагы 200дөн ашуун кыргызстандык учак менен мекенине кайтууда

Түркиянын Стамбул шаарынан 212 кыргызстандыктар мекенине кайтууда. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады. Чет өлкөдөн келген мекендештер Бишкек шаарындагы «Ак-кеме» мейманканасына обсервацияга алынат.

Кыргызстандыктардын кайтып жатканы тартылган бир нече видеону «Замандаш» саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов өзүнүн фейсбук баракчасында жүктөдү. Тасмада Стамбулдагы кыргыз жарандары учакка жайгашып жатканын айтышкан. Ал эми Анкара шаарындагылар автобус менен аэропортко бара жатышканын кабарлашкан.

«Силердин "учканы жатабыз" дегениңер жүрөк жылытат. Баарыбыздын мээнетибиз текке кетпептир. Аман жетип алыңыздар!», — деп жазган Молдокматов.

Буга чейин депутат Исхак Пирматов Түркиядагы кыргызстандыктар 17-апрелде учак менен келээрин маалымдаган. Ошондой эле ал Орусиянын Новосибирск шаарындагы кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалаган.

Мурдараак Түркиянын Анталия шаарындагы кызгызстандыктар да өлкөгө кайта албай турганын маалымдашкан.

Учурда Түркияда коронавирустун 74 193 учуру катталды. Бул өлкө дүйнөдө коронавирустун жайылышы боюнча 9чу орунда турат. Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматы боюнча Түркияда 30 миңдей кыргызстандык бар.

Түркияда негизинен кыргызстандыктар мейманкаларда тейлөө тармагында иштешет. Мындан тышкары, бала багып эмгектенген аял кишилер да бар.