ИИМ уулун аёосуз ур-токмокко алган кишини издеп жатат

Материал 15:39да жаңыртылды

Фейсбукта жаш баланы физикалык көнүгүү жасабаганы үчүн ыктымал атасы сабап жаткан видео жарыяланды. Тасмада көрүнүп тургандай киши биринчи колу менен баланын башына ургулап, кийин буту менен тепкилеген. Андан кийин «Отжимание жаса, жасабайсыңбы, менин айтканымды кылбай калдыңбы» деп темир чуук менен сабаган.

Окуяга күбө болгон болжол менен баланын апасы «Эдил, жасап койчу!», «келтек жебей жаса» деп жаш баланы ур-токмоктон сактап калганы аракет жасаган. Ал эми тасманы тарткан аял «милицияга берем муну, шашылба кызым» деп айтканын угууга болот.

Кээ бир ЖМКлар өздүк булактарына таянып видеодогу киши кармалган деп жазышты. Ошондой эле ур-токмокко алган жаран Ала-Бука районундагы Көк-Серек айылынын тургуну Эмил Пирназаров болгонун билдиришти. Учурда ал жубайы менен Москвада турушканын, алардын үч баласы бар экени айтылат. Видеодо алардын ортончу баласы, биринчи класстын окуучусу сабалган.

Ички иштер министрлигинен киши Ала-Бука районунун тургуну экенин тастыктады. Ал аялы менен кошо өткөн жылдын октябрь айында Орусияга чыгып кеткен.

«Учурда аталган маалымат боюнча ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү тарабынан тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүүдө», — деп берилген ИИМдин пресс-релизинде.

Өткөн жылдын декабрында Москва шаарында кыргызстандык аял эки баласын үйүндө сабап, «ата кел, апам уруп жатат» деп айттырган. Бирок ошол учурда ИИМ текшерүүнүн натыйжасында балдар «ур-токмокко алынган эмес, атасын сагынганынан ыйлаган» деп кабарлаган. Ушундай эле кайрылууну балдарын сабаган аял менен күйөөсү да жасашкан.