Токтогулда блок-посттогу тургундарды ашата сөккөн милиционер жумушунан бошотулду

Токтогул районунда 16-апрелде блок-посттон өтө албай, топ балдарды ашата сөккөн милиционер кызматынан бошотулду. Ошондой эле ал иштеген Токтогул районундагы Терек-Суу аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысына да сөгүш жарыяланды.

Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатуранын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаевдин айтымында, мындай чечим облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлгөндөн кийин кабыл алынган.

«Иликтөөнүн корутундусу менен Токтогул РИИБинин башчысына кызматкерине жарандар менен сылык мамиледе болуу, кызматтык милдеттерди аткарууда эч кандай тартип бузууларга жол бербөө боюнча эскертүү берилишин тапшырылды», — деди Жээнтаев.

Мындан эки күн мурун фейсбукта топ балдарды ашата сөккөн милиционердин видеосу тараган. Анда укук коргоо органдарынын кызматкери унаасы менен блок-посттон өтө албай нөөмөттө тургандарды коркутууга чейин барганын көрүүгө болот. Кийинчерек тасмадагы милиционер Токтогул РИИБинин кызматкери экендиги аныкталган. Ал эми окуя 14-апрелде Кара-Суу айылында орун алганы кабарланды.