Бир сутканын ичинде коронавирус дагы 18 медицина кызматкеринде аныкталды

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдө коронавирусту дагы 18 медицина кызматкери жуктуруп алгандыгын маалымдады. Алардын төртөө Жалал-Абад облусунда, бирөө Баткен облусунда, экөө Ош облусунда, үчөө Ош шаарында, төртөө Нарын облусунда, төртөө Бишкек шаарында катталды.

COVID-19ду жуктурган медиктердин саны 134кө жетти. Ал эми Кыргызстан боюнча коронавирус менен жалпы 554 адам катталды. Анын ичинен 5 адам каза таап, 133 адам айыгып ооруканадан чыгарылды.

Өкмөт коронавирус жуктурган ар бир медицина кызматкерине 200 миң сомдон кенемте төлөнүп берилерин убадалады. Бирок Саламаттык сактоо министрлигинин атайын комиссиясы медиктер кантип ооруга чалдыкканын текшерип чыгышат. Министрликтен айрым медкызматкерлер коргонуу инструкциясын сактабаган болушу мүмкүн деп божомолдошууда.

Ошондой эле санитардык-карантиндик пунктарда, обсервацияда, оорунун очогунда жана кадимки график менен иштеген медиктерге кошумча акы төлөнөөрү убадаланган. Бирок айрым кызматкерлер убадаланган төлөмдү алыша электигин айтышууда. Саламаттык сактоо министрлиги муну ырастап, төлөмдөр документациялык иштердин айынан жана медициналык мекемелердин жетекчилери туура эмес маалымат берип жаткандыктан кечиктирилүүдө деп билдиришти.