«Калпак» постунда коронавирус жуктурган киши эс-учун жоготту деген маалымат жалган — Ош комендатурасы

Сүрөт: Ош ШИИБ

Ош комендатурасынан Кара-Кулжа районунун «Калпак» санитардык-карантиндик постунда «коронавируска чалдыккан бир жаран эс-учун жоготту» деген маалыматты чындыкка дал келбейт деп билдиришти.

Комендатурадан билдиришкендей, «Калпак» постунда бир нече тургун топтолуп мыйзамдуу талаптарга баш ийишпегендиктен, постто нөөмөт өтөп жаткан кызматкерлер Кара-Кулжа РИИБине кошумча жардам күчүн жөнөтүүсүн суранган.

РИИБдин ыкчам тергөө тобу жерине барып, жарандардын тартипти бузууга багытталган иш-аракеттерин жөнгө салуу максатында унаага олтургузаарда, алардын бирөөсү бел ооруусун айтып автожолго жатып алган. Эки жаран тең милиция бөлүмүнө жеткирилип коронавируска ыкчам тест тапшырышканда жыйынтыгы терс чыккан.

«Жарандар күзөтчүлөргө баш ийбей, Кара-Кулжа районунун аймагынан чыгууга аракет кылышкан. Андан сырткары, уруксат кагаздары бар автоунаалардын өтүүсүнө тоскоолдук жаратып, өздөрүнүн автоунаасы менен жолду тосуп алышкан. Натыйжада жарандардын өздүгү такталып, аларга карата протокол түзүлгөн» , — деди Оштун комендатурасынын маалымат борборунун кызматкери Жеңиш Аширбаев.

Буга чейин соцтармактарда аталган постто тартылган видео тараган. Тасмада жерде жаткан жаранды, анын жанында бир нече адам үйүлгөнүн көрүүгө болот. Ошондой эле башка бир жаранды унаага салып жаткан милиция кызматкерлерин байкоого болот.

Видео менен кошо тараган аудиожазууда, жерде жаткан жаран чет өлкөдөн келгени, текшерүүдөн өтүп жаткан учурда вируска чалдыкканы аныкталып, оорунун айынан эс-учун жоготуптур деп айтылат.