Кербен шаарында 35 жаштагы аял кайнисинин колунан каза тапты

Жалал-Абад облусунун Кербен шаарынын 35 жаштагы тургуну ич тарабына бычак жеп каза болду. Анын өлүмүнө шектелип жолдошунун иниси кармалды.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаевдин айтымында, окуя 18-апрелде болгон. Маркум алган жараатынан ооруканага жетпей жан берген.

«1990-жылы туулган жаран окуя болгон жерден качып кетүүгө аракеттенген. Бирок милиция аны кармап, тергөө амалдары жүрүүдө», — деди Жээнтаев.

Бул факт Кылымыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Ден соолукка оор зыян келтирүү» беренеси менен катталып сотко чейинки өндүрүш башталды.