Ошто обсервацияда иштеген медперсонал менен тургундардын ортосунда чыр чыкты

Оштогу «Кара-Кочкор» санаториясы

Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун «Кара-Кочкор» санаториясында обсервацияда иштеген медкызматкерлер менен тургундардын ортосунда жаңжал чыкты. Ютубга жүктөлгөн тасмада жергиликтүүлөр медиктерди үйлөрүнө барып келип иштешкени үчүн сынга алышканын көрүүгө болот.

«Эй ботом үйүңө барсаң жуктурбайсыңбы. Оору чындыгында бар дешти. Акимчиликтен угуп келдик. Эмнени жашырып атсың?» — деп суроо салган тасмадагы жашоочулардын бири. Бул суроого медицина кызматкерлеринин бири «бул жакта ооругандар жок» деп жооп берген. Ошентип эки тарап кайым айтышууну улантышкан.

Ош шаары, Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондору боюнча комендатуранын маалымат борборунун кызматкери Жеңиш Аширбаев окуя 17-апрелде пикир келишпестиктин айынан болгонун билдирди.

Анын айтымында, Кара-Кочкор айылындагы санаторияда чет жактан келген сегиз адам обсервацияда жаткан. Алар менен түздөн-түз байланышта болгон дарыгерлер обсервациядан сыртка чыгышкан эмес, үйлөрүнө карым-катнашта болбогон медицина кызматкерлери барып келип турушкан.

«Элдин деле талаптары туура. Негизи анализи чыкканга чейин медиктер үйлөрүнө барбашы керек. Биз сураштырганда обсервацияга кирбеген медперсонал үйлөрүнө барып келишсе болот деп түшүндүрүштү […] Сегиз адамдын анализи таза чыккан. Бирок элде “Калпак” постундагы оорулуу адам санаторияда обсервацияга алыныптыр деген кооптонуулар болгон экен», — деп түшүндүрдү Аширбаев.

Комендатурадан билдиришкендей, ошол эле күнү акимччиликтен келишип, милициянын башчысы да келип түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Ошондон кийин тараптар бири-биринен кечирим сурап таркап кетишкен. Аширбаев Кара-Кочкор айылында коронавирус катталган жоктугун белгиледи.

17-апрелде Кара-Кулжа районундагы «Калпак» постунда коронавирус жуктурган адам эс-учун жоготуп кулап түштү деген маалымат тараган. Оштун комендатурасынан бул маалымат жалган экенин, автожолго жатып алган тургун мас абалында болгон деп билдиришкен. Ал жана башка дагы бир адам постто иштеп жаткандарга тоскоолдук жараткандыктан милиция бөлүмүнө жеткирилген. Экөө тең ыкчам тест тапшырып, анын жыйынтыгы менен коронавирус аныкталган эмес.

Кыргызстанда 20-апрелге карата коронавирустун 568 учуру катталды. Алардын көпчүлүгү Ош облусу менен Ош шаарында: 147 жана 87 учур. Оору чалдыккандардын арасынан 140кы медицина кызматкерлери болууда.