Бишкектин коменданты эмне үчүн велосипед менен жүрбөөнү «кеңеш кылганын» түшүндүрдү

Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев фейсбуктагы барагына видео кайрылуу чыгарып, комендатура эмне себептен велосипед мингендерди кармай баштаганын түшүндүрүп берди.

Үйдөн бир жарым километр алыстыкта

Комендант велосипед менен жүрүп аткан шаардыктар обочо тартибин бузуп жатышат деп эсептейт.

Ал үйлөрүнөн велосипед минип чыккан шаардыктардын көпчүлүгү жүрүү үчүн уруксат берилген бир жарым километр аралыкты сактабай жатышканын билдирди.

Документтер жана маршруттук баракча жок

Орозалиев билдиргендей, эгер велосипед менен чыккан адамдын жанында тек-жайын тастыктаган документтер жана маршруттук баракчасы бар болсо, анда ага карата эч кандай чара колдонулбайт.

«Эгер сизде эч кандай документ жана велосипед менен өтө зарылчылык боюнча чыкканыңызды тастыктаган документтер жок болсо, анда мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт», — деп айтты комендант.

«Ыктыярчылык иш менен жамынып жатышат»

Орозалиевдин айтымында, жарандардын көбү ыктыярчылык ишке жамынып, шаар ичинде велосипеддер менен мыйзамсыз жүрүшөт. Ошол эле кезде, коменданттын айтымында, алардын жанында ыктыярчылар экенин далилдеген эч кандай документ же маалым кат болбойт.

«Эгер сиз ыктыярчы болсоңуз, анда жаныңызда иштеп жатканыңызды, гуманитардык фонддорго жана уюмдарга жардам берип жатканыңыз боюнча жумуштуулук тууралуу маалым кат болушу керек. Экинчиден, сизде маршруттук баракча бар болушу керек. Үчүнчүдөн, өздүгүңүздү тастыктаган документ болушу керек», — деп билдирди Орозалиев.

«Бирок мага өзүм тууралуу мемдер жакты»

«Силердин социалдык тармактардагы тамашалуу эсбелгиңерди татыктуу бааладым. Коллаж чындап эле күлкүмүштүү болгон. Чындыгында мындай нерселерди баалайм», — деди Орозалиев велосипедчилердин кармалып жаткандыгына байланыштуу тамашалар тууралуу.

https://www.facebook.com/cherikchiev/posts/3004329569623217

Комендант грозится отнять у горожан велосипеды за нарушение правил карантина и режима ЧП

Posted by Меместан on Monday, April 20, 2020

Как бы ноги не назвали "средством передвижения" и не изъяли

Posted by Бакыт Толканов on Monday, April 20, 2020

Велосипедчилерди кармоо

Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев 20-апрель күнү эртең менен калаада велосипед менен жүрбөөнү «кеңеш кылган». Ошондой эле ал ӨА режиминин талаптарын бузуп, шаарга себепсиз чыккан учурда велосипеддер убактылуу алынат деп эскерткен.

Юристтер велосипеддерди убактылуу алып коюу мүмкүнчүлүгүн мыйзамсыз деп эсептешкен.

Ошол эле күнү Бишкектин велосипедчилери соцтармактарда кармоолорго жана милиция тараптан айыппул салынып атканына даттанып башташкан.

Бишкекте 25-марттан тарта ӨА режими киргизилген. Мында шаарды башкаруу жана чечим кабыл алуу боюнча негизги укук комендантка берилген. ӨА учурунда коменданттык саат киргизилген — бул шаарга кирип чыгуунун жана анда жүрүүнүн өзгөчө режими. Коменданттык саат учурунда тургундардан үй карантинин талаптарын так сактоо жана массалык иш-чараларды өткөрбөө талап кылынат.

Бирок, Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев борбор калаанын тургундарынын көбү обочо режимин сактабай жатканын, ал эми күн жылый баштагандан тарта көптөгөн шаардыктар карантинди буза баштаганын бир нече жолу айтып чыккан.

21-апрелге карата, Кыргызстанда коронавирус 590 адамда аныкталып, алардын ичинен 200дөн ашууну айыккан.