Коронавируска чалдыккандар жаткан ооруканалардын картасы түзүлдү — ССМ

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда коронавирустун жайылышынын картасын иштеп чыкты. Эми ал карта боюнча инфекциясы бар адамдар кайсы ооруканаларда дарыланып жатканын көрүүгө болот.

Облустар жана райондор боюнча вируска чалдыккандардын, айыккандардын, оор абалда жаткандардын жана обсервация алынган адамдардын статистикасын реалдуу убакытта ченеминде көрүүгө болот.

Картаны бул шилтеме аркылуу өтүп көрсө болот.

Картадагы маалыматтар боюнча, өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандар 23 ооруканада дарыланышууда. Алардын көбү Бишкектеги Республикалык инфекциялык ооруканада жатышат — карта боюнча ал жакта 154 адам, анын ичинде вирус аныкталган жаңы сегиз адам да жатат.

Тизмедеги жашыл түстөгү төрт оорукана — бул Ноокен, Сүлүктү, Кадамжай жана Лейлектеги ооруканалар. Картаны түзгөн адамдын айтымында, бул ооруканалар ал жактагы бейтаптардын баары айыккандыктан жашыл эмес — ал жактагы ооруканаларга коронавирусу бар деп шектелген бейтаптар жеткирилген, бирок COVID-19га тапшырган анализдери терс болуп чыккан.

Өлкөдө 22-апрелге карата коронавирус жуктуруу учурларынын саны 612ге жетти. Вируска чалдыккан медиктердин саны 157 адамды түзөт.

Кыргызстанда пандемия маалында COVID-19дан жалпысынан жети адам каза тапкан. Ооруканалардан терс жыйынтыгы менен 254 адам чыгарылган.