Коронавирус дагы 10 медкызматкерден аныкталды — жалпы 172 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 24-апрелдеги брифингде дагы 10 медкызматкер коронавирусту жуктуруп алганын кабарлады. Алардын ичинен Нарын облусунда – 6, Ош облусунда – 2, Бишкек жана Ош шаарларында бирден учур катталды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 172ге жетти — алардын 50сү дарыгер. Бул жалпы бейтаптардын дээрлик 25 пайызын түзөт.

Ал эми жалпысынан 45 медкызматкер коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Алардын ичинде 16 дарыгер, 18 орто медперсонал, 8 кичи медперсонал жана 3 башка кызматкер бар.

Саламаттык сактоо министрлиги медиктердин илдетти кандай жол менен жуктурганын аныктоочу комиссия түзгөн. Эгерде медкызматкер коронавирусту иш убагында жуктуруп алган болсо ага 200 миң сом кун каралган. Ал эми медкызматкер COVID-19дан каза тапса анын үй-бүлөсү 1 млн сом компенсация алат.

Кыргызстанда 24-апрелге карата коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 656га жетти. Алардын ичинен 322 адам илдеттен айыгып, сегизи каза тапты. Өлкө боюнча обсервацияда 914 адам жатат.