Жалал-Абадда тургундар жардам берилбей жатканын айтып чыгышты

Сузак районундагы Живпром конушунун тургундары өкмөт тарабынан гумжардам берилбей жатканын «Азаттыкка» билдиришти. Алар эч кандай жардам көрсөтүлбөгөнүн, ичүүгө суулары да калбаганын, аны алып келүү үчүн үйлөрүнөн чыга албай жатышканын айтып нараазы болушкан.

«Бизге өзгөчө абалдын таасири өтө эле чоң тийип жатат. Мисал үчүн суу жок, унаа менен алып келип жашачу элек. Азыр суу да ташый албай калдык. Жол дагы тосук […] Биз деле кыргызстандын жараныбыз го, ошо өкмөттөгүлөр бизди деле эстеп коюшса болмок», — деп айтып берген аталган конуштун тургуну Гүлбүрак Маткеримова.

Жашоочулардын айтымында, конуш мурдагы депутат Кадыржан Батыровго таандык жерди өз алдынча басып алуу менен түптөлгөн. Жарандар үйлөрүн менчиктештире электигин айтышат. Ошондон улам да аларга жергиликтүү бийлик көңүл кош мамиледе деген ойдо болушууда.

«Же ооруканага бара албайбыз, барсак документиңер каякта, каттооңор каякта деп сурашат. Мисал үчүн мен Ортоктонмун да, каттооң ошол жакта экен бар Октябрскийге, Сузакка бар деп коюшат», — деди Маткеримова.

Тургундардын арасында ар кандай кырсыктардан улам үйсүз калып, же башка жактан көчүп келгендер, көп балалуулар жана майып адамдар да бар.

Жалал-Абад шаары жана Сузак райондору боюнча комендатуранын маалымат борборунун кызматкери Нурдин Жээнтаевдин «Клоопко» жарандарда көйгөйлөр такталбаган аймакта жашап жатышкандыктан жаралып жатканын ырастады. Бирок жардамды өкмөттүн өкүлчүлүгү жана мэрия көрсөтөөрүн айтты.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нурсултан Абдуллаев «Клоопко» обладминистрация тарабынан Живпромдун тургундарына жардам көрсөтүлүп жатат деп ишендирди.

«Ал жакта чындыгында шарты оор болгондор бар экен, бирок шарты жакшылары да бар. Турмушу жакшылар деле “мага да” деп талашкан учурлар да кездешип атканы болду», — деди ал.

Анын айтымында, конуштун айрым жерлери шаарга, айрымдары районго карап калгандыктан чек арасын бөлүп чыгуу кыйын. Абдуллаев бул жана башка маселелер абал турукташканда каралаарын кошумчалады.