Коронавирус дагы 6 медкызматкерден аныкталды — жалпы 191 учур катталды

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Республикалык штаб 29-апрелге карата дагы 6 медкызматкер коронавирусту жуктуруп алганын кабарлады. Алардын ичинен Бишкекте эки, Нарын облусунда – үч жана Ош облусунда бир учур катталды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 191ге жетти — алардын дээрлик 30 пайызы дарыгер.

Саламаттык сактоо министрлиги медиктердин илдетти кандай жол менен жуктурганын аныктоочу комиссия түзгөн. Эгерде медкызматкер коронавирусту иш убагында жуктуруп алган болсо ага 200 миң сом кун каралган. Ал эми медкызматкер COVID-19дан каза тапса анын үй-бүлөсү 1 млн сом компенсация алат.

Кыргызстанда 29-апрелге карата коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 729 адамды түздү. Алардын ичинен 437 адам илдеттен айыгып, сегизи каза тапты. Өлкө боюнча обсервацияда миң адам жатат.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.