Май айынан баштап ишке кирише турган уюмдарга коюлчу санитардык талаптар аталды

Коомдук саламаттык сактоонун башчысы Айнура Акматова 29-апрелдеги брифингде май айында иштеп баштай турган уюмдарга коюлчу талаптарды тизмектеди.

Жооптуу адамдар тууралуу

Өкмөттүн чечими боюнча 1-майдан тарта бир катар фирма жана бизнестин тармактары иштерин жандантышат. Алар май айынын аягына чейин белгилүү тартип менен акырындап ачыла башташат.

Акматова билдиргендей, кызматкерлердин коопсуздугу үчүн алардын ар бири санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сакташы керек. Бул үчүн ар бир уюмдун ичинде эрежелердин сакталышына көз салып турган жооптуу бир адам дайындалышы зарыл.

«Ар бир мекемеде температураны өлчөп, кызматкерлерге сурамжылоо өткөргөн жооптуу адам болушу керек. Ошондой эле, ар бир инфекциялык оорулардын белгилери болгон адамдарды четтетүү зарыл. Кирүүдө беткап тагынуу милдеттүү болуп саналат», — деди Акматова.

Ал дезинфекция каражаттары, кире беришке санитайзер орнотуу, кол жуу эрежелери тууралуу нускамаларды илүү, анын ичинде кызматкерлердин бардыгын жеке гигиена каражаттары жана бир ирет колдонулуучу беткаптар менен камсыздоо да милдеттүү талап болуп эсептелээрин белгиледи.

Коомдук тамактануу жайлары тууралуу

«1,5-2 метр аралыкты сактоо керек жана ашканаларда тамактануунун убакыт тартибин түзүү зарыл. Орун жайда нормалдуу аба алмашуусун камсыздап, орун жайды күнүнө 4-5 жолу желдетип туруу өтө маанилүү», — деди Акматова.

Аткаминер ашканаларда мүмкүн болсо бир ирет колдонулуучу идиш колдонуу жана кадимки идишти дезинфекция каражаттары менен жууп-тазалоо зарылдыгын билдирди.

Бийлик коронавирус пандемиясынан улам, 25-мартта эң чоң шаарларларда өзгөчө абал режимин киргизген. Жыйынтыгында адамдардын жашоо тиричилигин камсыздап жаткан компаниялар жабылган. Бул экономикалык кризиске алып келген. Эми бийлик чектөөлөрдү этап-этап менен алууну пландап жатат.

29-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуктуруу учурларынын саны 729ду түзөт. Алардын ичинен 8 адам көз жумган.