Нарында эки адам даават үчүн үй карантин талабын бузду

Нарын облусунун Ат-Башы районунда үй карантин талабын төрт адам бузган. Ведомство алардын экөөсү тууралуу айтып берди. Алар марттын аягында Индиядан келип, коронавируска тапшырган анализдери терс чыгып, үй карантинине жөнөтүлүшкөн. Бирок алар ага карабай даават үчүн карантинди бузууга барышкан. Бузуучуларга 20-30 миң сом штраф салынып жазаланат.

Буга чейин, коронавируска чалдыккандардын алгачкыларынын арасында дааватчылар болгондуктан, Нарындын коменданты Уланбек Аалиев алардын ишмердигин чектөөнү да сунуштаган.

Өкмөтүн Нарындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкуловдун айтымында, дааватка чыккан беш адамдын айынан облуста коронавирус жайылып кеткен — экөөсү өлкөнүн ичинде динге үгүттөп жүрүшкөн, калгандары Пакистан жана Индиядан кайтып келген.

Ошондой эле ИИМ Ысык-Көл облусундагы бузуулар тууралуу да билдирди — эки учур тең Караколдо катталган. Мисалы, 19-апрель күнү жергиликтүү тургун, ИИМдин маалыматына ылайык, карантин деген жазууну сыйрып туруп шаарга чыгып кеткен.

Буга чейин ИИМ өлкөдө үй карантин шартын 151 адам бузганын жана алардын алтоосу жоопкерчиликке тартылаарын, ал эми калгандары боюнча текшерүү жүрүп жатканын билдирген

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 28 миңден ашуун адам үй карантининде болууда.

Үй карантин эрежелерин бузгандарды аныктоого жардам берген атайын колдонмо — бул «Stop COVID-19 KG». Колдонмонун түшүндүрмөсүнө ылайык, ал штабга жана «өзүнчө бир ыйгарым укуктуу жактарга» коронавирус жуктурган же жуктургандар менен карым-катнашта болгон адамдын кыймылын картада көзөмөлдөөгө шарт түзөт.

Аталган колдонмо тууралуу кеңири маалымат алгыңыз келсе бул шилтемени басыңыз.