Сүрөт: Хамидулло Узаков/Клооп

Оштун мэри Таалайбек Сарыбашев брифингде киргизилген чектөөлөрдөн улам шаардын бюджетине март айында 39 миллион сом түшпөй калганын маалымдаган. Калаа башчынын айтымында жергиликтүү бюджеттин пландалган 139 миллион сом кирешенин (119 миллион болушу ыктымал — редакция) 66.6% гана аткарылды.

Буга карантинден улам ишкерлердин жумушун токтотуп, салык төлөмдөрдүн кескин кыскарып кеткени себеп болгон.

«Бизде бүгүнкү күндө Ош шаарында 28 062 жеке [бизнес] субъектилер болсо, анын 27 миңден ашууну ишкана, мындайча айтканда 72 миң жумушчу оруну кыскартылды. Күнүмдүк салык төлөөчүлөр дагы, бүгүнкү күндө өзүңүздөр көрүп жаткандай, иштебей жатат», — деди мэр.

Өлкө боюнча өзгөчө кырдаал жана Ош шаарына өзгөчө абал киргизилгенине чейин мэрия жарандарды үйдөн чыкпоого жана өзүнү изоляция кылуу режимини сактоого чакырган. Ал эми шаар тургундарынын көчөгө себепсиз чыгуусуну алдын алуу үчүн жергиликтүү бийлик жеке ишканаларды жапкан. Шаарда кинотеатрлар, түнкү жана компьюдердик клубтар бир нече базарлар ишин токтоткон. Ошондой эле коомдук транспорттун жана жеке унаалардын кыймылына тыюу салынган. Адамдар көчөгө азык-түлүк алганы, дарыканага же ооруканага гана чыга алышат.

Бюджет кандай пландалган жана кандай өзгөрүүлөр болот?

Сүрөт: «Эдвокаси центр по правам человека»

Ош шаардык кеңешинин депутаттары 27-январда үстүбүздөгү жылдын бюджетин кабыл алышкан. Бюджетти көлөмү 1 325 613 000 сомду түзгөн — бул өткөн жылга салыштырмалуу 198 миллионго көбүрөөк. Кирешелердин 86,7% салыктардан түшүшү күтүлүп жаткан.

Бюджет кабыл алынгандан кийин төмөндөгүчө бөлүштүрүү пландалган:

  • 32,2% турак-жай коммуналдык чарба;
  • 29,7% билим берүү тармагы;
  • 20,2% мамлекетик кызматтар;
  • 10,4 % экономикалык көйгөйлөр;
  • 6,0% маданият жана спорт тармагы;
  • 1,1 % социалдык коргоо;
  • 0,4% коргонуу тармагы.

Мэриянын экономика, каржы жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Талант Кайымов «Клоопко» шаардын бюджетине карантинге байланыштуу жалпысынан 150 миллион сомдой каражат түшпөй калышы мүмкүндүгү билдирди. Ошондуктан шаардын бюджети жакын арада антикризистик программага ылайык кайрадан каралып чыгат.

«32 пункттан турган антикризистик программа 10-апрелде ишке кирген. Ал жерде бюджет, өнөр-жай жана социалдык тармактарды өнүктүрүү үчүн жасала турган иштер бар [...] Шаардык кеңеш бюджетти майда карап чыгышы керек. Эгерде өзгөчө абал кайрадан узартылса анда июнь айына жылып кетет», — деди Кайымов.

Сүрөт: Хамидулло Узаков/Клооп

Бюджетти толтуруунун альтернативдик жолдору

Экономика боюнча талдоочу Эркин Абдразаков жергиликтүү бийлик биринчи кезекте ишкерлерге жеңилдик бериши керектигин айтат, себеби бюджет негизинен алардын эсебинен толукталат. Ошондой эле спорттук, маданий иш-чараларга жана шаарды көрктөндүрүү үчүн бөлүнгөн каражаттарды кыскартыш керек деп эсептейт эксперт.

«Көптөгөн долбоорлор, анын ичинде Ак-Бууранын жээгин өздөштүрүү жана айрым эс алуучу жерлерди жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана балдар ойноочу жайларды куруучу ишке ашпай калышы мүмкүн. [...] Бийлик эми “канткенде кышка даярдык көрөбүз, элди кантип багып кетебиз” деши керек. Болбогон бир популисттик долбоорлорду коё турушу керек, алар маанилүү эмес биз үчүн», — деп эсептейт Абдразаков.

Жыл башында мэрия Ак-Буура дарыясынын жээгин жашылдандыруу жана көрктөндүрүү долбоорун иштеп чыгуу үчүн 1 млн 200 миң сом каражат бөлүүнү чечкен. Долбоорго ылайык, Нурматов көчөсүнөн Курманжан датка кичи районуна (мурдагы Юго-Восток) чейин 5400 метр дарыянын жээгин көрктөндүрүү пландалып жатат. Буга чейин мэрия дарыянын жээгин мыйзамсыз курулуштардан тазалоону баштаган. Долбоорду ишке ашыруу үчүн канча каражат бөлүнөөрү азырынча белгисиз.

Ак-Буура дарыясы. Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Маданий жана спорттук иш-чаралар токтотулат

Талант Кайымов мэрия массалык иш-чараларга бөлүнгөн каражаттарды кыскартууну пландаштырып жатканын билдирди. Мисалы жергиликтүү бюджеттен спортивдик иш-чаралар үчүн гана 30 миллион сом каралган. Марттын башында массалык иш-чараларга тыюу салынганына байланыштуу бөлүнгөн каражаттар кайрадан бүлөштүрүлөт.

Ошондой эле майрамдарды өткөрүү үчүн бөлүнгөн каражаттар кыскартылды. Учурда өткөрүлбөй калган Нооруз майрамына бөлүнгөн каражаттар үнөмдөлдү. Ошондой эле өлкө боюнча Жеңиш майрамы өткөрүлбөйт. Бирок шаарды көрктөндүрүү боюнча долбоорлордун ишке ашырылуусу улана берет.

«Ошол [үнөмдөлгөн] акчаларды жетпей калган тармактарга жумшашыбыз мүмкүн . Быйыл бала бакчаларды куруу, жолдорду куруу ошондой эле социалдык объектилерди куруу боюнча [пландарыбыз бар]. Анан Ак-Буураны көрктөндүрүү, реконструкция боюнча [долбоор] бар. Аны аткарышыбыз керек», — деди Кайымов

Карантин киргизилгенден баштап 16-марттан мектептер үч жумалык каникулга жабылган. Окуучулар аралыктан билим алып жатышат. Мэрия бул жерден да үнөмдөөнү чечип, мектептин 1-4 класстагы окуучуларына тамак-ашка каражаттарды бөлүүнү токтоткону жатат — себеби төртүнчү чейректи окуучулар онлайн окушат.

Бирок эксперт Абдразаков мэрия өзүнүн укуктарынан аша чабып жатат деп эсептейт, себеби мектеп окуучуларынын тамак-ашына республикалык бюджеттен каражат бөлүнөт.

«Болбогон сөз. Себеби дегенде эртең эле сентябрь келет, окуу кайтадан башталат. Оптимизация деген сөз башка. Жергиликтүү бийлик муниципальнык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды [оптимизация кылат]. Республикалык бюджеттен келген каражаттарды үнөмдөйбүз деген бул болбогон кеп», — деди Абдразаков.

Инвестициялык климат начарлады

Кайымовдун айтымында, жергиликтүү бийлик өкмөттүн сунушуна ылайык ишкерлерди колдоп, муниципалдык мүлктүн ижарасы үчүн акы төлөө мөөнөтүн 3 айга узартат. Ошондой эле алар 3 айлык ижара акысынан бошотулушу мүмкүн, бирок бул чечимди Ош шаардык кеңеш чечет.

«Бюджетти башка кирешелердин эсебинен толтурганы аракет кылабыз. Жаңы ишканаларды ишке киргизүү менен, мисалы “Кыргыз унаа курулушу” [заводу] мартта ишке кирмек. Чектөөлөр алынса ал ишке кирет. Анан “Кыргыз текстиль” деген ишкана бар, ал жакта дагы миңден ашуун жумушчу орун түзүлүшү керек. Азыр даяр эле болуп калган, аларды ишке киргизип, ошолордун эсебинен дагы резервдерибиз пайда болот», — деп түшүндүрдү Кайымов.

Жыл башында мэрия «Кыргыз унаа курулуш» заводу жакын арада ачылаарын жарыялаган — бул Кыргызстандагы биринчи электроунаа чыгаруучу завод болот. Аталган заводдо электроунаалардан сырткары генераторлордун түрлөрү жана заманбап электр жөндөгүчтөрдү чыгаруу пландаштырылып жатат. Ишкана 3 гектар жерде жайгашкан, ал эми өндүрүш 16 миң чарчы метр жерде ишке ашырылат.

«Кыргыз унаа курулуш» заводу. Сүрөт: «Кактус» басылмасы

Бирок экономика боюнча талдоочу ири заводдордун ачылышына күмөн санайт. Анын айтымында, коронавирустан улам өлкөдө түзүлгөн кырдаалда ишкерлер «инвестициалык климат» начарлаганынан улам кетип калышы толук мүмкүн.

Ош республика боюнча экинчи эң ири шаар. Расмий маалыматка ылайык, Оштун калкынын саны 300 миңден ашпайт, бирок шаарда миңдеген жарандар туруктуу каттоосуз жашап жүрөт. Учурда шаарда дагы деле өзгөчө абал режими күчүндө, президент Сооронбай Жээнбеков өзгөчө абалды 10-майга чейин узартуу чечими кабыл алынды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Азаттык: Баары үмүт арткан Бишкек ишсиз отурат