Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү долбоорун түзүүгө 1 млн сомдон ашуун каражат бөлүнөт

Ош шаардык мэриясында 9-январда Ак-Буура дарыясынын жээгин жашылдандыруу жана көрктөндүрүү долбоору талкууланды. Аны иштеп чыгууга жергиликтүү бюджеттен 1 млн 200 миң сом бөлүнмөкчү.

«Дарыянын жээктерин мыйзамсыз курулуштардан тазалоо жумуштары бир айдан кийин башталат. Баары мыйзам чегинде болуусу үчүн буга чейин мыйзамсыз курулуштар сотко берилген», — деди «Клоопко» мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров.

Абсаттаров дарыянын 5400 метри оңдоп-түзөлөөрүн белгиледи.

Долбоор өз ичине тротуар, веложол, адамдар өтүүчү көпүрөлөрдү, түнкү жарыктандырууну жана эс алуучу жайларды курууну камтыйт.

Шаардын ортосунан агып өткөн Ак-Буура дарыясынын узундугу 136 километрди түзөт. Анын жээгинде 400дөн ашуун мыйзамсыз курулуштар бар. Курулуштардын ээлерине шаардык экотехинспекция эскертүү берип, жээкти бошотпогондорду сотко беришээрин кабарлашкан.