«Бул каникул эмес — карантин». Ош шаарынын мэри тургундарды үйдө отурууга чакырды

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов ун сатып алуу үчүн чогулган тургундар менен жолугуп карантиндин тартибин сактоого чакырды. Анын айтымында, ун калаада жетиштүү жана азык-түлүк тартыштыгы болбойт. Сарыбашов базардагы жашоочуларга кайрылып көчөгө чыкпоону, айрыкча улгайган адамдарга үйдө отурууну суранды.

«Бул каникул эмес — карантин. Силер көчөгө чыгып алып майрамдап жүрөсүңөр. Өзүбүзгө өзүбүз күйбөсөк ким күйөт? Балаңарды ээрчитип алып көчөдө жүрүп атасыңар. Айрыкча аксакалдар, 60 жаштан өткөн эжелер үйдөн чыкпагыла. Жашы өткөндөргө оору тез жугуп атат. Көрүп ыйлагым келип атат. Той-ашка барганды, кафеде жүргөндү токтоткула!», — деп айтты мэр.

Унга болгон суроо-талап өткөн аптанын дем алыш күндөрү жогорулаган. Мындан улам алып сатарлар ундун баасын 200-500 сомго чейин кымбат сатууга үлгүрүшкөн. Ош ОИИБи аталган соодагерлерди аныктап, алардын аракеттери иликтенип жатканын кабарлаган.

18-мартта Кыргызстанда коронавирус катталганы белгилүү болгондон кийин шаардагы «Тулпар» ун өндүрүүчү ишканасынын алдында узук кезек жаралган. Ун сатып алууга 100дөгөн адам чогулган. Мындан улам мэрия кошумча төрт жерде ун сатуучу жай ачылаарын билдиришкен. Ошондой эле 50 килограмм салмактагы ун 1350 сомдон сатылаары айтылды.

Республикалык штабдын 18-мартта өткөн брифингинде саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Сауд Арабиядагы кичи ажылыктан келген 3 кыргызстандыктан коронавирус аныкталганын билдирген. Учурда алар Жалал-Абад облустук ооруканада обочого алынып дарыланууда.

Штабдан буга чейин вирус жуктурган жарандар менен бир учакта келген 135 адам учуп келгенин кабарлашкан. 19-мартта учакта жалпы 144 адам болгону айтылды жана анын экөөсү Өзбекстанга чыгып кеткени белгилүү болду.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция