«Бардыгына эле түшүнүктүү да, акчалай жардам бергенге бюджет керек да. Мисалы Казакстанда ар бириң үйүңдө отур деп 100 доллардан таратты. Мен ойлойм, азык-түлүк менен жардам берген — натыйжалуу. Ал баары бир акчаны алат, кайра азык-түлүккө барат да, азык-түлүккө барганда “үйүңө отур” деген принцип бузулат. Ошон үчүн азык-түлүктү өзүбүз жеткирип берип жатабыз».
Деп жооп берди өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев «Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты Максат Сабировдун суроосуна.
Эл өкүлү министрлер кабинетине эмне үчүн башка өлкөлөрдө аз камсыздарга акчалай жардам берилсе, ал эми биздин бийлик азык-түлүк менен жардам берип жатат деп суроо салган. Анын айтымында, акча чогултуу жана муктаждарга азык-түлүк таркатуу системасы — бул «колунда бийлиги байлар киреше таба ала турган бизнес».
Карантинди узартуу жана кирешесиз калган үй-бүлөлөр
Өлкөдө карантин киргизилгендиктен жумушсуз жана ачка калган 200 миңден ашуун аз камсыз үй-бүлө бар. Алардын ичинен көпчүлүгү ар кандай жумуштарда иштеп, күнүмдүк киреше менен жан багып жүрүшкөн. Бирок ӨА учурунда алар бардык киреше табуу мүмкүнчүлүктөрүнөн ажырап калышкан.
Жогорку Кеңеш 30-апрелде президенттин ӨА режимин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда 10-майга чейин узартуу жөнүндө жарлыгын жактырды.
Ошондой эле аталган аймактарда коменданттык саат режими сакталган. Бул тургундарга саат 201:00дөн таңкы саат 6:00гө чейин көчөгө чыгууга болбойт дегенди билдирет.
Күндүз жарандар бир нече себептер боюнча гана үйдөн чыга алышат: азык-түлүк сатып алуу үчүн дүкөнгө, дарыканага, банкка же ит сейилдетүүгө. Бирок, үйдөн бир жарым километрден узак аралыкка кетүүгө тыюу салынган. Ошондой эле, ар бир жарандын жанында документ жана маршруттук баракча бар болушу керек.
Калган аймактарда ӨК режими күчүндө турат. 1-майдан тарта айрым компаниялар иштеп баштап, күнүмдүк кирешеге иштегендерде, мисалы, таксисттерде иштөө мүмкүнчүлүгү пайда болот.
Компания жана ишканалар май айынын аягына чейин этап-этап менен ишке кире башташат.
30-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуктуруунун 746 учуру катталды. Эң көп учур Бишкекте аныкталган — 183 адам. Ошол эле маалда пандемия башталган убактан бери өлкөдө айыкты деп эсептелген 462 бейтап ооруканадан чыгарылды. Пандемия шартында COVID-19 аныкталган сегиз адам каза тапты.