Өкмөт аяр үй-бүлөлөргө жардам берүү үчүн 122 млн сом бөлөт

Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов ыкчам штабдын жыйынында мамлекет калктын социалдык жактан аяр катмарын колдоо үчүн 122 млн сом бөлөөрүн билдирди. Тийиштүү чечимге өкмөт тарабынан кол коюлган.

Бороновдун айтымында, ар бир үй-бүлөгө 800 сомго азык-түлүк топтому даярдалат.

«Калктын социалдык жактан аз камсыздалган катмарына колдоо көрсөтүү боюнча иш ыкчам жүргүзүлүп, ар бир муктаж үй-бүлө жардамсыз калбашы керек. Учурда аларды жеткирүү маселеси каралууда», — деди вице-премьер-министр.

Буга чейин борбор калаанын бийлиги 85 миң аяр үй-бүлөгө жардам берип атканын кабарлаган. Апрелдин ортосунда бийлик өлкө боюнча 200 миңден ашуун жардамга муктаж үй-бүлө бар экенин маалымдаган. Анткен менен бул сан барган сайын көбөйүүдө, себеп дегенде көптөгөн адамдар Кыргызстандын төрт шаары — Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Нарында киргизилген ӨА режиминен улам жумушсуз калышкан.

Чет өлкөдөгү мигранттарга жардам берүү тууралуу

Ошондой эле Боронов Орусия жана БАЭдеги кыргызстандыктарга жардам көрсөтүү үчүн өкмөт 15 млн сом бөлгөнүн билдирди. Алардын арасынан көпчүлүгү жашоо жана тамак-аш жагынан кыйналып, авиакаттамдар токтогондуктан мекенине кайта албай жатышат.

«Мындан тышкары, учурда мекенине кайта албай жаткан чет өлкөдөгү мекендештерди колдоого алуу, алардын жашоосу үчүн убактылуу шарттарды түзүү, тамак-аш менен камсыздоо максатында Кыргызстандын Бириккен Араб Эмиратындагы элчилигине – 5 миллион сом, ал эми Россия Федерациясындагы биздин элчиликке 10 миллион сом бөлүнгөн», — деп билдирди Боронов.

Саламаттык сактоо министрлиги сутка ичинде өлкөдө COVID-19 жуктуруунун 22 жаңы учуру аныкталганын билдирди. Жалпысынан республикада 590 жуктуруу учуру катталды.

Стационардык дарыланууда 367 адам бар, алардын ичинен 5 адам реанимацияда.

Пандемия башталган учурдан бери өлкөдө COVID-19га чалдыккан жалпы 7 адам кайтыш болду. Ал эми ооруканадан инфекциядан айыгып чыккандардын саны 216 бейтапты түзөт.