Акын, журналист Зайырбек Ажыматов жерге берилди

Акын Зайырбек Ажыматовдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду. Сүрөт: Тынчтык Алтымышев

Чыгаан акын, журналист Зайырбек Ажыматовдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду. Акынды акыркы сапарга узатуу зыйнатына 200дөн ашуун адам катышты. Алардын арасында президенттин кеңешчиси, жазуучу Султан Раев, депутат Рыскелди Момбеков, маданият министри Азамат Жамангулов, Эл акыны Шайлообек Дүйшеев, Ажыматовдун жакын досу, акын Мирлан Самыйкожо жана калемдештери, өнөр адамдары, кесиптештери да бар.

Төкмө акын Амантай Кутманалиев Ажыматовду чын жүрөгү менен жазган акын деп эскерди. Ошондой эле поэзия жанрына терең киргенин белгилеп, мындай таланттар сейрек жаралаарын айтты.

«Өмүрү кыска болуп калды. Адабияттын чоң бир өзүнчө уугу кулады. Мекенчилдикке үндөгөн ырлары элдин оозунда ураан катары кала тургандай күчтүү жазылды. Поэзия жанрында поэмалары сынчылардын, адабиятчылардын алкышына татыды», — деди ал.

Акын Жедигер Саалаев Ажыматов масштабдуу ой жүгүрткөнү менен айырмаланып турду дейт.

«Зайырбектин акындык чеберчилиги бул — баягы белгилүү сөз бар эмеспи, бардык гениалдуу нерселер жөнөкөй деген — ушул жөнөкөй темалардан чоң ойлорду айтып, кайсы темага кайрылбасын табигый түрдө, жөнөкөй, элпек тил менен жазды. Анын ырларын окусаң ойлорунун баары ор-ордунда, кыска так. Ойлорду айткан жагынан новатордук мамиле кылчу. Бул жагынан башка акындарга да үлгү болуп кетти», — деп түшүндүрдү Саалаев.

Ал эми акындын бир туугандары ал ага эмес, дос болгонун айтып, дүйнө жыйнабай, өмүрүн чыгармачылыгына арнап жашаганын белгилешти.

Ажыматов менен коштошуу зыйнаты анын «Дордой» конушундагы үйүндө өттү. Ал эми 30-апрелде «Азаттык» үналгысынын кеңсесинде акынды эскерүү иш-чарасы болду.

Ажыматов 1976-жылы 27-майда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол айылында туулган. 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктап, ошол эле жылы журналистикадагы эмгек жолун «Асаба» гезитинен баштаган.

Андан соң «Кыргыз Туусу», «Жаңы агым», «Бишкек Таймс» жана КТРКнын радиолорунда эмгектенип, акыркы жылдары «Азаттык» үналгысы менен кызматташып, маданий жана социалдык темаларда макала, баяндарды даярдап жүргөн. Акын 29-апрелде кан басымы капыстан түшүп кетип каза болду. Анын калемдештери, Ажыматовду жакын досу, төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин дүйнөгөн кайтканы терең кайгына батырганын айтышууда. Ак таңдай акын 20-апрелде көз жумган эле.