Өлкөдө дагы жети медицина кызматкери коронавируска чалдыкты

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаб

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда дагы жети медикте коронавирус аныкталды — алардын бешөө Бишкекте, экөө Чүй облусунда катталды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 207ге жетти, ал эми ооруканадан айыгып чыккандардын саны 139ду төздү. COVID-19га чалдыккандардын арасында дарыгерлер, орто медперсонал, кичи медперсонал жана башка кызматкерлер бар.

2-майда коронавируска чалдыккан №3 ҮМБнын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун 58 жаштагы жетекчиси Жүзүмкан Кокумбаева каза болду. Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматованын айтымында, маркум өпкө илдетин өзү иштеген оорукананын медкызматкеринин биринен жуктурган.

Мурдараак 29-апрелде №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунда 9 медкызматкер ооруну жуктуруп алганы белгилүү болгон. Алар коронавируска чалдыккандар менен байланышта болгон эмес, медиктердин айтымында, алардын атайын коргонуучу каражаттары жетишсиз болгон. Саламаттык сактоо министрлиги учурда мунун чоо-жайын териштирүүдө.

Саламаттык сактоо министрлиги медиктердин илдетти кандай жол менен жуктурганын аныктоочу комиссия түзгөн. Эгерде медкызматкер коронавирусту иш убагында жуктуруп алганы аныкталса ага 200 миң сом кун каралган. Эгерде COVID-19 жуктурган медик кокус кайтыш болуп калса, анда маркумдун үй-бүлөсүнө 1 млн сом берилээри айтылды.

Мындан тышкары, коронавируска чалдыккан адамдарды дарылаган врачтарга 29 миңден 49 миңге чейин кошумча акы каралган.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 795ке жетти. Алардын ичинен ону каза таап, 564 адам илдеттен айыкты.