Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп айыккандардын саны 600 адамга жетти

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 5-майда маалымдагандай, өлкөдө акыркы сутка ичинде коронавирус жуктурган дагы 25 бейтап айыкты. Дарылануудан кийин алардын коронавируска тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөтүп, бейтаптар ооруканадан чыгарылды.

Өпкөнү сезгенткен илдеттен жаңыдан айыккандардын эң көбү Ош шаарында катталды — 18. Ал эми Ош облусунда үч, Бишкекте жана Нарын облусунда экиден адам үйлөрүнө чыгарылды.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп айыккан бейтаптардын саны 600гө жетти.

Кыргызстанда 5-майга карата коронавирустун жаңы 13 учуру катталды — жалпысынан 843 учур. Ооруканаларда 212 адам жатат — алардын сегизи оор абалда. Оорукананын жандандыруу бөлүмүнө беш бейтап которулган.