Ысык-Көл облусу: Балыкчыда COVID-19 менен ооруган акыркы бейтап ооруканадан чыкты

Ысык-Көл облусунун ыкчам штабы кабарлагандай, 5-май күнү Балыкчы шаардык ооруканасынан коронавирусу бар акыркы бейтап айыгып чыгарылды.

Жалпысынан Ысык-Көл облусунда коронавируска чалдыккан 10 адам катталган. Алардын баары ооруканадан чыгарылып, үй карантинине алынды.

Буга чейин ыкчам штаб Ысык-Көл облусуна кирип чыгууга чектөө киргизе турганын да билдирген. Аткаминерлер 4-майдан тарта облуска коронавируска тапшырган тести таза чыккан жарандарды гана киргизүү чечимин кабыл алышкан.

Бирок биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов блокпосттордо COVID-19 жоктугу тууралуу маалым катты талап кылуу ашыкча деп билдирген.

5-майга карата республикада коронавирус жуктуруунун 843 учуру катталды. Ошол эле маалда 11 адам каза тапкан, ал эми 600 адам айыгып ооруканадан чыгарылган.