Баткенде эки тажик жараны аткезчилик менен кармалды. Алар убактылуу камакка алынды

Cүрөт: Өкмөттүн Баткен облусундагы басма сөз кызматы

ИИМ Баткендин тургуну Тажикстандын эки жараны менен кошо мыйзамсыз алып өтүлгөн кургак мөмө-жемиштерди сатуу максатында оор жүк унааларга жүктөп жаткан жерден кармалышканын билдирди.

Министрликтен билдиришкендей, алар 3-май күнү, Баткен районунун Достук айылындагы Как-Сай тилкесинде колго түшүрүлгөн.

Маалыматка ылайык, тажик жарандары чек-арадан мыйзамсыз өтүшкөнү аныкталып, коронавирустун алдын алуу максатында обсервацияга алынышкан. Алардан алынган анализ терс жыйынтык көрсөткөн соң, шектүүлөр Баткен райондук соту тарабынан бир айга убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен.

Жүк Кыргызстандын Жазык Кодексинин «Аткезчилик» беренеси менен катталып, кармалган эки жаранга карата «Чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүүдө.

Ал эми Баткендин тургуну үй камагына алынып, ага карата иш «Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу» беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат.

Кармалган жүктөрдүн жалпы көлөмү жана суммасы тергөөнүн жүрүшүндө аныкталат.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкулүнүн басма сөз кызматынын берген маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдан тарта Баткен облусунда аткезчиликтин жалпы 22 учуру катталган.