Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1000ден ашты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб Кыргызстанда 10-майга карата коронавирустун жаңы 71 учуру катталганын маалымдады — ооруга чалдыккандардын арасында бир медкызматкер бар.

COVID-19дун эң көп жаңы учуру Чүй облусунда катталды — 56, алардын ичинен 55 адам Орусиянын Соль-Илецк шаарынан келген кыргызстандыктардан аныкталды. Мигранттар Чүй облусундагы «Семетей» обсервациясына жайгаштырылган. Ошондой эле илдеттин беш учуру Жалал-Абад облусунда, төртөө Баткен облусунда, үчөө Ош облусунда, экөө Бишкек шаарында жана бир учур Нарын облусунда катталды.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 1002ге жетти — анын 232си медкызматкер. Өпкө илдетинен жалпысынан 675 адам айыгып, он эки бейтап каза болду.

Бишкек шаарында коронавирус кескин жайылып, бүгүнкү күндө борбор илдетти жуктургандардын саны боюнча өлкөдө биринчи орунда турат — 266 учур. Ал эми Ош облусунда — 178, Ош шаарында — 113 учур катталды.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунда — 144,. Нарын облусунда — 127, Чүй облусунда — 141, Баткен облусунда — 23 учур катталды. Ыссык-Көл облусунда болсо он учур катталып, бардык бейтаптар илдеттен айыкты. Талас облусунда коронавирустун бир дагы учуру каттала элек.

Учурда ооруканаларда 260 адам дарыланып жатат. Алардын ичинен тогуз бейтап оор абалда — төртөө жандандыруу бөлүмүндө. Кыргызстан боюнча обсервацияга 1 205 адам алынды.

Коронавирусту жуктуруп алгандар менен карым-катнашта болгондордун саны 4 313тү түздү — алардын баары медициналык көзөмөлгө алынган. Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны — 1488.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.