Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жарадар болгон чек арачынын абалы «өтө оор»

Тургундар Баткен облусунун Чек аймагында. Сүрөт: Акжол Иманали уулу

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында 8-майда чыккан жаңжалдан улам Кыргызстандын үч аскери жана бир тургуну жарадар болгонун Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Бир чек арачынын абалы «өтө оор» деп бааланууда — анын кыр аркасынын көкүрөк тушуна, курсак жана жамбаш сөөгүнө ок тийген. Калган эки аскердин абалы «орточо оор», алардын көкүрөк тушуна ок тийген — анын бирисинин көкүрөк тушуна тийген ок тешип өткөн. Үчөөнө тең операция жасалды. Жабыркаган аскерлер 24, 25, 26 жашта.

Ал эми чырда жарадар болгон жаранга ошол эле күнү медициналык жардам көрсөтүлүп, ал дарыланууну үй шартында улантууда.

Баткен облусттук ооруканасына Ош облусттар аралык ооруканасынын нейрохирург, торакалдык хирург жана реаниматологтон турган медициналык топ жөнөтүлдү.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы 9-майда Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал «салыштырмалуу туруктуу» мүнөздөлгөнүн маалымдады. Учурда мекеменин төрагасы Уларбек Шаршеев чыр чыккан аймакка жөнөп кетти.

Бир күн мурда кыргыз-тажик чек арасында эки мамлекеттин тургундарынын ортосунда чыр чыгып, тажикстандык чек арачылар миномёттордон ок атышканы кабарланды. Жаңжалдын натыйжасында Кыргызстандын үч чек арачысы жана бир тургун жаракат алган. Тажикстан тараптап жабыркагандар бары-жогу азырынча белгисиз.

Чыр Баткен облусундагы Чек аймагында башталган. Маалыматка ылайык, эки мамлекеттин ортосунда жайгашкан 5000 чарчы метр такталбаган жер тилкеси тургундардын ортосунда талаш жараткан. Аталган жерди иш жүзүндө кыргыз тарап пайдаланып жүргөнүн Кыргызстандын Чек ара кызматынан билдиришти.

Чыр чыккан күнү өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода менен кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт -Көчө участкасында сүйлөшүү өткөрдү. Жолугушууда эки мамлекеттин жергиликтүү күч түзүмдөрдүн жетекчилери да катышкан. Мындан тышкары эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлери да телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Чыр чыккан аймакта Кыргызстандын чек ара жана кайгуул күзөт кызматкерлердин иши күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөн эки тараптуу сүйлөшүүлөр 10-майда уланылаарын маалымдашты.