Москвадагы метрого коронавирус тууралуу кыргыз тилинде маалымат илинди

Сүрөт: Ruslan Karypbekov

Орусиянын Москва шаарындагы метролордун биринде коронавируска байланыштуу кыргыз тилинде маалымат жайгаштырылды. Жазуунун сүрөтүн Руслан Карыпбеков Твиттерде жарыялады.

«Москванын метрополитени биздин аткаминерлерге караганда кыргызчаны сабаттуурак жазган учур», — деп жазган Карыпбеков.

Ал эми маалыматтын өзүндө Москванын метросунда жана Москвадагы Борбордук Кольцодо беткаптар жана колкаптардын тагылышы 12-майдан тарта милдеттүү болушу жазылган. Ошондой эле бул эрежени бузгандарга айыппул салынаары эскертилген.

Орусияда 12-майга карата коронавирустун жалпы 221 344 учуру катталган. Алардын ичинен 39 801 адам коронавирустан айыгып, 2009 адам көз жумду.

Учурда Орусияда божомол менен 750 миң кыргызстандык эмгек миграциясында жүрөт. Орусияда коронавируска байланыштуу чектөөлөр киргизилгенден кийин, көптөгөн мекендештер ишсиз калышкан. Ал эми Орусиянын бийлиги 27-марттан бардык авиакаттамдарды жаап салганына байланыштуу, миңдеген кыргызстандыктар мекенине кайта албай калышкан.

Өкмөт буга чейин бир катар чартердик каттамдарды уюштуруп, чет жатктагы мигранттарды мекенине кайтарууга аракет жасап жатат. Бирок буга карбастан Кыргызстанга кайта албай калгандардын саны арбын.

Бир жума мурун Орусиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан Кыргызстанга 500дөн ашуун жаран келген — алардын 56сында коронавирус аныкталды. Ошол эле учурда Оренбургдан 100гө жакын кыргызстандык жөө жөнөп, чек аралар жабык болгондуктан ара жолдо калды.