Орусиянын Соль-Илецкинен мекенине 500дөн ашуун кыргызстандык кайтып келди

Кыргызстандын ТИМи Орусиянын Оренбург облусундагы Соль-Илецк шаарынан 541 кыргызстандык мекенине кайтып келгенин кабарлады. Алар март айынан бери үйүнө кайта албай 5-майда атайын автобустар менен Кыргызстанды көздөй жолго чыгышкан. Эми алардын бардыгы обсервацияга алынат.

Буга чейин кыргыз ТИМи «болжол менен 550 адам» кайтып жатканы тууралуу кабарлаган, бирок ЖМКлар алардын санын 519 деп билдирген. Орусиянын басылмалары 70 кыргызстандык автоунааларын калтыргысы келбей, Соль-Илецкте калып калганы тууралуу жазышкан — ал эми мекенине кайтып жаткан кыргызстандыктар машиналарын калтырууга аргасыз болушкан, алар унааларын карантин аяктагандан кийин алып кете алышат. Учурда кыргыз жарандарынын унаалары акысыз унаа токтотуу жайына киргизилген.

Ошондой ЖМКлар Орусиядагы кыргыз элчилигине таянып, дагы 300 кыргыз жараны ошол эле Оренбургдун Бузулук шаарында мекенине кайтууну күтүп жатышканын кабарлашкан.

ТЕМА БОЮНЧА: