Нарын облустук төрөт үйүнүн алты медкызматкеринде коронавирус аныкталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Нарын шаардык мэриясы

Өткөн сутка ичинде Нарын облусунда алты медкызматкерде коронавирус аныкталды — алардын баары облусуттук төрөт үйүнүн кызматкерлери. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 12-майда билдирди.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 241ге жетти — бул жалпы оорулуулардын 23 пайызын түзөт. Алардын 186сы илдеттен айыгып, бирөөсү каза тапты. Өкмөт көз жумган медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом кун төлөп бермекчи.

Иш убагында коронавирусту жуктуруп алган медкызматкерлерге 200 миң сом кун каралган. Ал эми илдеттен каза тапкан медиктердин үй-бүлөлөрүнө 1 миллиондон компенсация төлөнүп берет. Бирок анын алдында Саламаттык сактоо министрлигинин атайын комиссиясы ар бир учурду иликтеп чыгат.

Ошондой эле COVID-19ду жуктурган бейтаптарды дарылаган врачтарга 29 миңден 49 миңге чейин кошумча акы каралган. Март айында оорунун очогунда жалпысынан 6036 медкызматкер иштеген — аларга төлөнүүчү каражаттын суммасы 34 миллион 963 миң сомду түздү.

Кыргызстанда 12-майга карата коронавирустун жаңы 21 учуру катталды — жалпысынан 1037 учур. Ооруканаларда 316 адам жатат — алардын жетөөсү оор абалда, төртөө оорукананын жандандыруу бөлүмүндө.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.