Коронавирустун очогунда иштеген медиктерге 35 миллион сомдой акча бөлүнөт

Иллюстративдик сүрөт: Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Саламаттык сактоо министрлигинин Каржы саясаты башкармалыгынын башчысы Мирлан Атакулов 2-майдагы брифингде коронавирустун очогунда эмгектенген медкызматкерлерге төлөнүүчү каражаттын суммасы 34 миллион 963 миң сомду түзгөнүн билдирди.

Март айында оорунун очогунда жалпысынан 6036 медкызматкер иштеген.

Атакулов билдиргендей, карантиндик-казармалык шартта иштеген дарыгерлерге күнүнө 2300 сом, медайымдарга 2000 сом, ал эми кичи медперсонал жана техникалык кызматкерлерге 1800 сом компенсациялык акы төлөнөт.

Ал эми күн сайын жумушка барып келип инфекциянын очогунда иштеген дарыгерлерге жумуш учурундагы ар бир сааты үчүн 100 сомдон берилет. Ошондой эле шартта эмгектенген медайымдарга 90, техникалык кызматкерлерге 80 сом акы каралган.

Ал эми «Тез жардам» кызматында иштеген дарыгерлер ар бир коронавирус жуктурган бейтап үчүн 600 сомдон, медайымдар 500 сомдон, техникалык кызматкерлер 400 сомдон алышат.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 769 адамды түздү — алардын 200ү медкызматкерлер. Өпкө илдетине чалдыккан медиктердин 122си айыгып ооруканадан чыгарылган.

Ал эми жалпысынан өлкө боюнча 527 адам илдеттен айыгып, сегизи каза тапты. Обсервацияда 828 адам жатат.