Коронавирустан каза болгон дарыгердин үй-бүлөсүнө өкмөт 1 млн сом кун төлөп берет

Жүзүмкан Көкүмбаева. Сүрөт: фейсбуктан алынды

Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова коронавирустан каза тапкан дарыгердин үй-бүлөсүнө кун төлөнүп берилерин билдирди. Анын айтымында, учурда өкмөт тиешелүү буйрукту даярдап жатат.

«Жүзүмкан Асановна саламаттыкты сактоо тармагында отуз жылдан ашык эмгектенген, өзүнүн ишин мыкты билген баалуу адис, кадырлуу дарыгер болгон», — деди Акматова.

2-майда COVID-19га чалдыккан №3 ҮМБнын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун 58 жаштагы жетекчиси каза болду. Республикалык штабдан каза болгон медкызматкердин жүрөк оорусу, кант диабети жана полиоргандык жетишсиздиги сыяктуу кошумча оорулары болгонун кабарлашты.

29-апрелде №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунда 9 медкызматкер ооруну жуктуруп алганы белгилүү болгон. Алар коронавируска чалдыккандар менен байланышта болгон эмес, медиктердин айтымында алардын атайын коргонуучу каражаттары жетишсиз болгон. Саламаттык сактоо министрлиги учурда мунун чоо-жайын териштирүүдө.

Адистердин баамында Саламаттык сактоо министрлиги инфекциялык көзөмөлдү ишке ашыра алган жок: логистиканы жана медиктерди өздүк коргонуучу каражаттар менен камсыздоону.

Саламаттык сактоо министрлиги медиктердин илдетти кандай жол менен жуктурганын аныктоочу комиссия түзгөн. Эгерде медкызматкер коронавирусту иш убагында жуктуруп алганы аныкталса ага 200 миң сом кун каралган. Эгерде COVID-19 жуктурган медик кокус кайтыш болуп калса, анда маркумдун үй-бүлөсүнө 1 млн сом берилээри айтылды.

Мындан тышкары, коронавируска чалдыккан адамдарды дарылаган врачтарга 29 миңден 49 миңге чейин кошумча акы каралган.

3-майга карата Кыргызстанда коронавирустун 795 учуру катталды. Өпкө илдетине чалдыккан медкызматкерлердин саны 207ге жетти. Анын ичинен сакайгандардын саны — 139.