Ош шаарында унаа тыгындары жаралгандыктан көчмө-посттор коюлду

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Ош ШИИБ

Ош шаарынын көчөлөрүнө 12-майда көчмө-посттор орнотулду. Мындай постторду ишке киргизүүгө шаарда жаралган унаа тыгындары түрткү болду.

Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков айрым ишканалардын иши кайра жанданганына байланыштуу калаага жумушка барууну себеп кылып кирүүнү каалаган жарандардын саны көбөйгөндүгүн айтат.

«Ишке кирген айрым ишканаларды шылтоо кылып, шаарга унаасы менен кирип жаткан жарандар арбын болууда. Натыйжада ири тыгындар пайда болуп, андан сырткары, вирустун тарап кетишине шарт түзүлүп жатат», — деди Сыдыков.

Ошондой эле Сыдыков калаага зарыл иши жок келип жаткандар кайра кайтарылып жатканын белгиледи.

«Жарандар сөзсүз түрдө жашаган жеринен, ошондой эле, иштеген жэринен тактама алышы керек. Анткени көпчүлүк жарандар шаардын сыртынан келип иштешет, ошол себептүү жашаган жана иштеген жерин көрсөтүп туруш керек, андан сырткары өздүгүн тактаган күбөлүктөрү болсо да ашыкча болбойт», — деп кошумчалады ал.

Ош шаарында өзгөчө абал режими 11-майда алынып, өзгөчө кырдаал киргизилди. Милициядан билдиришкендей, күч түзүмдөрү тарабынан кыймылга чектөөлөр коюлуп, санэпидемиологиялык талаптарды аткарууну талап кылуу уланат.

Өзгөчө кырдаал режиминде да көчөгө чыгууда жарандардын беткап тагынуусу жана колкап кийүүсү зарыл. Эрежелерди сактабаган учурда Кыргыз Республикасынын Жоруктар кодексинин 119-беренесине кирген өзгөрүүлөргө ылайык, айыппул салынып же 40 саатка чейин коомдук жумуштарга тартылышы мүмкүн.

12-майга карата Ош шаарында коронавирустун 113 учур катталып, оору жуктургандардын экөө каза тапты. Калган бейтаптардын баары айыкты.