Финпол депутат Жумалиевдин мүлкүн текшере баштады

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамкызматы (финпол) парламенттин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкүн текшерүү боюнча сотко чейинки өндүрүш баштады.

Финполдун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Башкы прокуратура ишти Жазык кодексинин «Мыйзамсыз баюу» жана «Кызмат адамынын ишкердикке мыйзамсыз катышуусу» беренелери менен КЖБРге каттады.

Кубанычбек Жумалиев

«Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, жогоруда айтылган депутаттын мыйзамсыз баюу фактысын аныктоо боюнча текшерүү жүргүзүлүп жатат», — деп билдиришти финполициядан.

Буга чейин прокуратуранын экс-кызматкеримин деп өзүн тааныштырган Сыймык Жапыкеев фейсбукта видео жарыялап, Жумалиев мүлкүн күмөндүү жолдор менен тапкан деп билдирген. Жапыкеев депутаттын мүлкүнүн текшерилишин талап кылган.

Сыймык Жапыкеев

Мындан кийин Жумалиев телеканалдардын биринин эфиринде Куран кармап, мамлекеттик кызматта иштеп жатканда коррупциялык иштерге аралашкан эмесмин деп ант берген. Ал 1992-жылдан бери өкмөттүн чоң кызмат ордуларында эмгектенип, премьер-министр жана президенттин администрациясынын жетекчиси болуп да иштеген.

Депутат өзү да милицияга Жапыкеевдин үстүнөн арыз жазган. ИИМден билдиришкендей, Жумалиевдин арызы боюнча Жапыкеевге карата сотко чейинки өндүрүш башталган. Жапыкеевдин видео кайрылуусунда кылмыштын белгилерин аныктоо үчүн лингвистикалык экспертиза дайындалды.

2019-жылы декабрда Economist.kg басылмасы Жумалиев декларациясында жарым-жартылай же толугу менен ага жана анын жубайы Роза Амановага таандык 50гө жакын фирмасын көрсөтпөй койгонун билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Депутат Жумалиев Куран кармап коррупцияга аралашпаганын айтты. Эл өкүлүндө 33 фирма бар