Тажикстандан келген 10 кыргызстандыктын экөөсүндө COVID-19 табылды

Чоң-Алай району. Сүрөт: Wikipedia

Тажикстандан Ош облусуна келген 10 кыргызстандыктын арасында экөөсүндө коронавирус табылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусунундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев «Ынтымакка» курган маегинде кабарлады.

«Алар Мадыда “Курманжан Датка” ооруканасында жатышат. Калган сегизөө Чоң-Алай районундагы Даарат-Коргондо обсервацияда жатышат, алардын анализдери терс чыккан. Обсервацияда алар 14 күн жатышат, 12 күндөн кийин дагы анализ алабыз: таза болсо чыгып кете беришет», — деди Жылкыбаев.

Ыйгарым укуктуу өкүл Тажикстандан келген кыргызстандыктар Чүй облусунун тургундары экенин кошумчалады. Ошондой эле, Жылкыбаевдин айтымында, Ош облусунда коронавирус көбүнчө жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан жана Орусиядан «жүк-200дү» коштоп келген жарандардан табылып жатат.

* «Жүк-200» — чет өлкөдө жүрүп каза тапкан кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине жеткирүү иш-чаралары

Буга чейин Баткен облусунда Тажикстандан келген 27 кыргызстандык студенттин төртөөсүндө коронавирус аныкталган. Алар Душамбе жана Худжант университеттеринин студенттери.

Коңшу өлкөдө коронавирустун учурлары кескин өсүп баштаганына байланыштуу, кыргыз жарандары массалык түрдө Кыргызстанга кайтып баштады.

Тажикстанда коронавирустун алгач 15 учуру 30-апрель күнү катталды. Учурда коңшу өлкөдө коронавирустун 729 учуру катталды — алардын 23ү илдеттен көз жумду. Айыккандар тууралуу азырынча маалымат жок.