Тажикстандан келген төрт кыргызстандык студенттен коронавирус аныкталды

Сүрөт: Чолпон Бердикулова

Республикалык штаб 6-майда Баткен облусунда коронавирустун жаңы 4 учуру катталганын маалымдаган. Алардын бардыгы Тажикстандан келген кыргызстандык студенттер болуп чыкты.

«Жаӊы катталган учурлардын ичинен 5 учур сырттан келген. Бир бейтап Дубайдан учуп келген болсо, төртөө Тажикстандан келген. Алар Душанбе жана Хужанд университеттеринин студенттери», — деп билдирген саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова өлкөгө Тажикстандан жалпысынан 27 студент келгенин «Клоопко» билдирди.

«Алардын баары чек ара бекетинде текшерилип, обсервацияга жаткырылган. Алар жакындары менен байланышта болгон эмес», — деп кабарлады Бердикулова.

Коңшу өлкөдө коронавирустун учурлары кескин өсүп баштаганына байланыштуу, кыргыз жарандары массалык түрдө Кыргызстанга кайтып баштады. Ошондой эле Баткен облусу менен Тажикстандын чек ара кызматтары жана санитардык-карантиндик көзөмөл посттор күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга өткөрүлдү.

Тажикстанда коронавирустун алгач 15 учуру 30-апрель күнү катталды. Апта ичинде оорулуулардын саны 293кө жетти. Алардын ичинен 2 бейтап каза тапты.

5-май күнү Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкөнүн Саламаттык сактоо министри Насим Олимзоданы «башка ишке которулганына байланыштуу» ээлеген кызматынан бошотту.