Коронавирус пандемиясы бүткүл дүйнөгө тарап, ондогон мамлекеттердин экономикасына сокку урду. Карантин режимин сактап, оорунун жайылышын алдын алуу максатында көптөгөн ишканалар жабылып, миңдеген адамдар киреше булагысыз калышты.
Кыргызстандын казынасы да оор абалга кептелди. Анткени өлкөнү жакырчылыктан кыргыз мигранттарынын которгон акча каражаттары сактап турат. Ал эми коронавирустун айынан чет өлкөдөгү жүздөгөн кыргызстандыктардын иши жүрүшпөй, бир канчасы жумушсуз калышты. Эми алар мекенине кайта албай убара. Кыргызстанга кетүүнү күн санап күтүп жаткан Орусиядагы мигранттардын айрымдары «Клоопко» окуялары тууралуу баяндап беришти.
Алтын Зулпиев 24 жашта. Ал 4 жылдан бери Москва шаарында ашпозчу болуп эмгектенет. Арада Кыргызстанга да келип турат. Бул жылы ага жубайы кошулуп, экөө тең бир жерде иштеп башташкан. Бирок жубайынын боюна бүтүп ал үч ай мурун жумуштан чыккан.
Ал эми Алтындын жумушу карантинге байланыштуу жабылып, үйдө жатканына бир айдын жүзү болду. Ал элчиликке кайрылып аялынын кош бойлуу экенин айтып жардам сураса да эч кандай жооп болбогонун айтты. Анткени аз маз жыйнаган акчасы түгөнүп, батир акысын төлөй албай жаткан кези.
«Тамак-ашты күнүнө бир маал эле жеп жатабыз. Башка жумуш издегенге такыр мүмкүн болбоду, үйдө отургула дейт, көчөгө чыкканга мүмкүн эмес, жада калса нанга барсаң милиция алып кетип калышы мүмкүн. Жол ачылса кетебиз деп отурабыз, бирок кантип?» — деп суроо салат ал.
Зулпуев жана анын жубайы менен чогуу бир батирде дагы 18 адам турат. Мигранттардын бардыгынын маселеси окшош.
«Эшикке чыкмай жок, бир бөлмөдө эле жатабыз»
Саламат Мамбеталиев 33 жашта. Ал жубайы менен эмгек миграциясына келгенине эми гана 3 ай болгон. Өзү фирмалардын биринде кондиционер орнотуучу болуп, ал эми жубайы кийим дүкөнүндө иштечү. Карантинде экөөнүн тең жумушу токтогон. Жубайлар тамак-ашына дос-тааныштарынан карызга акча сурашкан, бирок алдыда батир акысын да төлөш керек.
«Эшикке чыкмай жок, бир бөлмөдө эле жатабыз. Баарыбыздын жумушубуз токтогон. Карантин башталганда 5-апрелге чейин эле созулат дегенинен, аз гана акча алып калып, калганын Кыргызстанга салып жибергенбиз. Андан кийин мөөнөтүн узартып салды», — дейт Саламат.
Мамбеталиев жашаган үч бөлмөлүү батирде жалпы 15 киши баш калкалайт. Алардын арасында акчасы таптакыр түгөнүп калгандар да бар. Бирок Мамбеталиев элчиликке кайрыла элек. Анын себебин ишенимдин жоктугу менен байланыштырды.
«Мекендешибиз бар. Суткасына бир маал эле тамак ичип атты, акчам бар деп койчу бизге.
Ортодон ооруп калды, көрсө акчасы жок уялганынан айтпай ачка жата бериптир, азыр чогулуп тамак аш берип атабыз. Элчиликтерге барган жокпуз, ишеним жок такыр. Баргандарды угуп-көрүп атабызго, кабыл алмак турсун эшигин бекитип алып ачышпайт экен», — деп түшүндурдү ал.
Анонимдүү калууну суранган мигранттардын бири кесиби боюнча мугалим. Анын айтымында, айлык маянанын аздыгынан жана үй-бүлөсү кризиске дуушар болгондуктан ал 2015-жылы Орусияга эмгек миграциясына жөнөп кеткен. Ал ден соолугун тобокелге салып иштөөнү улантып жатат. Бирок Кыргызстанга кайта албай калган мекендештери үчүн зээни кейип турат.
«Мен го кыйналып, үйүмдү сагынсам деле иштеп жүрөм. Кудайга шүгүр. Бирок миңдеген кыргызстандыктар Москвада жумушсуз калып, акчалары түгөнүп, үйлөрүнө кетүүгө зар болуп жүрүшсө керек. Колунда билет сатып алганы акчасы барлары деле бар, эмнеге ушулар үчүн чартердик каттамдарды уюштуруп бербейт биздин өлкө? Алардын көпчүлүгү мага окшоп баласын сагынып, ыйлап иштеп жүргөн аялдар», — деп билдирди ал.
Ал эгер мындай окуялар болуп кетээрин билгенде, февраль айында эле кетип калмакмын дейт. Бир кездери колунан китеп түшпөгөн мугалим миграцияда жүргөндөн бери пол жуучу да, официант да болуп иштеген.
«Март айынан баштап үй-кызматкери болуп иштеп баштадым. Максатым май айына чейин билетке акча топтоп алуу болчу. Бирок мындай окуялар болуп кетээрин билсем, февралда билет баасы 8000 сом болгон маалда кетет болчумун», — деп кейиди ал.
«Мамлекеттен биринчи жолу жардам сурадык эле»
Бек Бекчеев 42 жашта. Мигрант Москвада айдоочу болуп эмгектенчү. Бир ай мурун ал да башка кыргызстандыктар сыяктуу эле ишсиз калган.
«Чынын айтсак аябай тажадык, күн өткөн сайын акчабыз калбай баратат. Жумушсуз жатканыбызга бир ай болду. Сактап койгон акчаларыбыз да түгөндү. 7-майга билет алганбыз, ал 23-майга жылдырылды. Мына эми 23-майдагысы да белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Азыр бирөө карыз да бербейт, себеби шартты көрүп турат. Кайтара албашыбызды билет», — дейт ал.
Бекчеев аны менен чогуу жашаган мекендеши ооруп калгандыктан элчиликке кайрылганын, бирок жетиштүү жардам ала албаганын айтып, нараазычылыгын билдирди.
«Батирде бир киши ооруп калып элчиликтен жардам сурап кайрылдым эле. Кайрылыңыз деп дарыгерлердин тизмесин берди. Алар дары-дармек жазып берди эле анысы 10 миңдин тегереги экен. Элчиликтен кайра жардам сурагам. Негизи мамлекеттен биринчи жолу жардам сурадык эле, азыр үмүт үзүлдү», — деди Бекчеев.
Кундуз Орусиянын Москва шаарынын ресторандарынын биринде ашпозчу катары иштечү. Ал мигранттардын катарына өткөн жылы күз айларында кошулган. Карантин режимине байланыштуу ал да жумушсуз.
«Жумушка чыгайын десем жумуш жок. Интернет булактарынан жарыяларды карайм, таптакыр жумуш жок. Эмне кылаарымды да билбей калдым. Өкүлчүлүктөрдүн эч кандай жардамын көрбөдүк. Учакка мурда билет сатып алгандарды жолдор ачылса алып кетишет, а бизде билетке да акча жок, кантип кетебиз?» — деп нараазы болду ал.
Ал мындан мурдараак тамак-аш үчүн тааныштарынан акча сурап турганын, бирок мөөнөтү келип, алар да карыздарын доолап жатышканын кошумчалады.
Элчилик жардам көрсөтүп жатат
Кыргыз өкмөтү COVID-19 илдетине байланыштуу оор эпидемилогиялык кырдаалдан улам Орусиядагы кыргыз жарандарына жардам көрсөтүү үчүн 10 миллион сом бөлүп, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдында атайын штаб түзүлгөн. Өкмөттүн чечимине ылайык жардам көрсөтүүдө накталай акча таркатуу каралган эмес.
Элчиликтин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетованын айтымында, штаб 24 саат бою иштеп, суроолорго жооп берүүчү атайын түз байланыш борборлору уюшулган. Жардамга муктаж болгон жарандар кайрылышса, тиешелүү жардамдар көрсөтүлөт дейт ал.
«Бирок бүгүнкү күнгө чейин эле, биз өкмөттөн бөлүнгөн жардамды эмес, ага чейин элчиликтин кызматкерлеринин жеке айлык акысынан, ошондой эле кайдыгер эмес жарандардын, мекендештерден, кыргыз диаспорасынын жардамдары менен 1 миллион 500 миңдин тегерегинде акча каражаты топтолуп, тамак-аш алынып, биздин жарандарга жардам берилди» — деди Байымбетова.
Байымбетова жардам биринчи иретте Орусияда коронавируска чалдыккан кыргызстандыктарга жана алар менен байланышта болуп үй карантинине алынгандарга берилерин айтты. Андан соң өкмөттөн жардамды көп балалуу үй-бүлөлөр, жалгыз бой энелер, оорулуу жарандар, студенттер жана учакка билет алып, аэропортто калып кеткен жарандар ала алышат.
«Борборго күн сайын ар-кандай маселелер боюнча миңдей кайрылуу түшүүдө. Тамак-аш менен ар күн сайын 200-300дөй жаран камсыздалып жатат. Борбордун алдында түзүлгөн кампадан, кызматкерлер аркылуу тамак-аш жеткирилип берилүүдө», — деди ал.
Орусия өзүнүн Кыргызстанда калып кеткен жарандарын учак менен 17-майда алып кетмекчи. Буга чейин Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов «Азаттыкка» кыргыз тарап ошол каттам менен Москвадагы жарандарын алып кетиш үчүн 400 орундуу учак сурап жатканын билдирген.
Ал эми тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстанга май айында чет өлкөдөн 1000 кыргызстандык кайтарылаарын айткан — алардын ичинен Москва шаарынан 402 жаранды алып кетүү пландалып жатат. Бирок өлкөгө кайтууну каалаган кыргызстандыктардын саны алда канча көп.
Кыргыз мигранттарынын эң көбү Орусияда эмгектенишет — расмий маалымат боюнча 2019-жылы 730 миң кыргызстандык бул өлкөдө жашайт деп катталган.