Чет өлкөлөрдөн 1000 кыргызстандыкты мекенге кайтаруу пландалып жатат — ТИМ

Сүрөт: Валерий Панов/ «Такие дела»

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков мекенине кайта албай жаткан 1000 кыргызстандыкты май айында Кыргызстанга алып келүү пландалып жатканын брифингде билдирди.

Катардан — 36, Кувейттен —105, Ирандан —16, Франкфурт-на-Майнеден — 58, Стамбулдан — 349, Москвадан — 402, Кореядан — 35, Япониядан — 30, Беларустан — 37 кыргыз жараны алынып келинет.

Айдарбековдун айтымында, акыркы 12 күндүн ичинде Кыргызстанга чет мамлекеттерден 995 жаран кайтып келген. Ал башка жарандарды алып келүүнүн жолдору изделип жатканын кошумчалады.

«Дүйнөнүн 58 өлкөсүнөн чет өлкөдөгү мекемелерге мекенине кайтууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен 8 миң 712 кыргыз жараны кайрылган», — деди ал.

Министрликтин маалыматына ылайык, ӨК жана ӨА режимдери киргизилгенден тарта дүйнөнүн 23 өлкөсүнөн авиция жана жер аркылуу 9196 кыргызстандык өлкөгө кайткан.