Абдрахманов: Баткенде азык-түлүк маселеси чечилди, баалар көтөрүлгөн жок

Алишер Абдрахманов

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов 15-майдагы брифингде облустагы эпидемиологиялык жана экономикалык абал боюнча маалымат берди.

Абрахмановдун айтымында, карантин киргизилгенден бери Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан, мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттен, ошондой эле ар кайсы фонддор жана кайрымдуу инсандар тарабынан облустагы жардамга муктаж 30 миң 133 үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөтүлгөн.

«Жардамга муктаж жарандарга жалпысынан 1 миң 381 жарым тонна ун, 57 миң 879 литр өсүмдүк майы, 44 миң 218 килограмм макарон азыктары, 8 млн 275 миң сомдук башка ар-түрдүү азык түлүктөр менен жардам көрсөтүлдү. Азыркы күндө бизде азык-түлүк маселеси чечилди жана баалар көтөрүлгөн жок» — деди ал.

Ошондой эле Баткендин башчысы облуста карантинден кийин 3 миңдей ишкана жумушун жандантканын айтты. Негизинен төрт тармакка уруксат берилип, 1-майдан тарта 1 жарым миң, ал эми 11-майдан тарта 1400дөй ишкана өз ишин кайра улаган.

Алардын арасында микрофинансылык уюмдардан — 26, күнүмдүк турмуш тиричиликке керектүү сантехника, монтаждоо, оңдоо, тазалоо жана унаа жуучу жайлардан — 246, ал эми курулуш материалдарын, унаа тетиктерин сатуучу түйүндөрдөн — 300гө жакын ишкана жумушун жанданткан. Мындан сырткары 800 такси кызматкери ишке чыккан.

Абдрахманов ишканаларга санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана гигиенаны сактап иш алып баруу жагы эскертилгенин белгиледи.

Облуста 15-майга карата коронавирустун жалпы 24 учуру катталган — алардын ичинен Кызыл-Кыя шаарында — 6, Баткен районунда — 4, Кадамжай районунда — 8, ал эми Лейлек районунда — 6 учур.

Бейтаптардын жалпы 12си айыгып чыгып, калган бейтаптар ооруканада калууда. Жалпысынан 7396 жарандан анализ алынып, обсервацияда 1436 жаран жатып чыккан. Учурда 702 жаран үй карантинине алынып, обсервацияда 68 жаран калууда.