Акыркы коңгуроо онлайн өтөт

Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова коронавирустун пандемиясынан улам мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн акыркы коңгуроосу онлайн өтөөрүн билдирди.

«Быйыл өлкөдөгү кырдаалды эске алып, аны онлайн түрүндө өткөрөбүз. Биздин журналисттер телеканалдардан жана социалдык тармактардан кетүүчү #менбүтүрүүчүмүн же #явыпускник акциясын башташты. Ошондуктан бардык жылдыздарды жана белгилүү адамдарды бул акцияга кошулууну суранам. Бүтүрүүчүлөрүбүздү куттуктап, маанайларын көтөрөлү!» — деди ал.

Мектеп окуучулары пандемия башталганда онлайн билим алууга өтүшкөн. Мектеп, унверситеттер жана бала бакчалар ӨА жана ӨК режимдери учурунда убактылуу жабылган. Бирок жалпы республикалык тестирлөөнү онлайн форматка өткөрүү мүмкүн болбой калган.

ЖРТ июнь айына белгиленген — биринчи эстаптын негизги тести 21-июнда, ал эми предметтик тест 22-июнда өтөт.

Экинчи этаптын негизги тести 24-июнда, ал эми предметтик тести 25-июнда өтөт. Тестирлөөгө каттоо 15-майда аяктаган.

Тесттин жыйынтыктары бүтүрүүчүлөргө 13-19-июлда таратылат. 1-июлдан тарта орто кесиптик окуу жайларына документтерди кабыл алуу башталат — бул колледж, лицей жана башкалар. ЖОЖдорго тапшыруу үч тур менен 20-27-июлда жана 3-августта өтөт.