Нарында коронавирустун тутанышы карантин сакталбай жатканынан кабар берет — Боронов

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык штабдын 15-майда өткөн жыйынында билдиргендей, Нарында эпидемиологиялык абал татаал бойдон калууда.

«Бул тартиптин начардыгынан, үй карантин талаптарынын аткарылбай жаткандыгынан кабар берет, натыйжада, күнөөсүз жарандар жабыркоодо. Буга мисал катары COVID-19 дарты катталган Нарын шаардык төрөт үйүн келтирүүгө болот. Катардагы жарандар гана эмес, медициналык кызматкерлер да үй карантиндин талаптарын тыкыр аткаруусу шарт. Тийиштүү талаптарды аткарбаган жарандар жоопко тартылышы керек», — деди Боронов.

14-майда Нарында жаңы төрөгөн сегиз аял коронавирус инфекциясына чалдыкканы белгилүү болгон. Саламаттык сактоо министрлиги ал жакка вирус жуктуруунун жагдайларын иликтей турган комиссияны жөнөттү.

Нарын облусу — бул аймакта жашап аткан калктын санына салыштырмалуу оорулуулар менен байланышта болгондордун саны көп болуп атканы катталган жалгыз регион. Пандемия башталган бери ал жакта коронавирус жуктуруунун 163 учуру катталган.

15-майга карата, өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 1 111 адамга жетти. Алардын ичинен 745 адам инфекциядан айыккан деп эсептелет. Ушул убакытка чейин COVID-19 бар 14 адам каза тапкан.