Өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1111ге жетти — жаңы 29 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Кыргызстанда 15-майга карата коронавирустун жаңы 29 учуру катталганын маалымдады.

COVID-19дун эң көп жаңы учуру Нарын облусунда катталды — 11. Бишкек шаарында 6, Чүй облусу жана Ош шаарында төрттөн, Жалал-Абад облусунда эки, Ош жана Ысык-Көл облустарында бирден адам коронавирус катталды.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 1111ге жетти — анын 248и медкызматкер. Өпкө илдетинен жалпысынан 745 адам айыгып, он төрт бейтап каза болду.

Бишкек шаарында коронавирус кескин жайылып, бүгүнкү күндө борбор илдетти жуктургандардын саны боюнча өлкөдө биринчи орунда турат — 302 учур. Ош облусунда — 182, Ош шаарында — 118, Жалал-Абад облусунда — 153,. Нарын облусунда — 163, Чүй облусунда — 156, Баткен облусунда — 24, Ысык-Көл облусунда 13 адам илдетке чалдыкты.

Учурда ооруканаларда 353 адам дарыланып жатат. Алардын ичинен беш бейтап оор абалда — үчөө жандандыруу бөлүмүндө. Кыргызстан боюнча обсервацияга 1532 адам алынды.

Коронавируска чалдыккандар менен карым-катнашта болгондордун саны 5180ди түздү. Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны — 2010.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.