COVID-19дан айыккандардын саны 783кө жетти

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 16-майдагы брифингде коронавирус жуктурган дагы 38 бейтап айыкканын кабарлады. Айыккандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 31. Дагы 5 бейтап Жалал-Абад облусунда, эки бейтап Нарын облусунда ооруканалардан дарыланып чыгарылышты.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп айыккан бейтаптардын саны 783кө жетти — алардын арасында 200 медкызматкер бар.

Кыргызстанда 16-майга карата коронавирустун жалпы 1117 учуру катталды. Бүгүнкү күндө ооруканаларда 320 адам жатат — алардын төртөөсү оорукананын жандандыруу бөлүмүндө.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.