Үй карантинди бузган 65 жаран жоопкерчиликке тартылды — ИИМ

Мирлан Каниметов

Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов 18-майдагы брифингде үй карантиндин талаптарын бузган 65 жаран жоопкерчиликке тартылганын кабарлады. Маалыматка ылайык, өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал киргизилген убакта, өлкө боюнча үй карантининде 123 миңге чукул жаран болгон.

«Бүгүнкү күндө 28 592 адам үй карантининде. Алардын ичинен 65 жаран Бузуулар, жоруктар жана Кылмыш-жаза кодексине ылайык, карантиндик режимдин талаптарынын алкагында жоопкерчиликке тартылган. 36 жаранга айып салынып, калган учурлар боюнча жаза сот тартибинде каралат», — деди Канимаетов.

Каниметов үй карантин тартибин бузгандарга мыйзам боюнча 60 миң сом же андан ашык айып пул, же 3 жылга чейин эркинен ажыратуу каралганын кошумчалады.

3-апрелде айрым мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал учурунда мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчилик күчөтүлгөн. Мисалы, Жоруктар жөнүндө кодексинде карантиндин талаптарын өзгөчө кырдаал учурунда бузган жарандарга 30 миң сомго чейин, ал эми өзгөчө абал учурунда 60 миңге чейин айып пул каралган. Бул мыйзамдын «Чектөө иш-чараларынын (карантиндин) талаптарын (эрежелерин) бузуу» беренесинде каралган.

Эгерде жаран карантиндин эрежелерин сактабай, массалык оору жуктуруу же жуктуруу коркунучун жаратса ал Жазык кодексинин «Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» беренеси боюнча 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаалда мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү